Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үчүнчү жолу кармаган инфаркт Бейшекени бизден түбөлүккө ажыратты

Үчүнчү жолу кармаган инфаркт Бейшекени бизден түбөлүккө ажыратты

28-декабрь, 02:58
2 251 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйылкы жыл оор жоготуунун жылы болдуЭчендеген мыкты инсандардан айрылдык. Эми минтип жыл соңунда наркты карманган, сыйлаган, даңазалаган Бейшекеден айрылып отурабыз. 

Кыштын кычыраган суугунан үшүгөн эмесмин. Бирок бүгүнкү суук кабар денемди эле эмес, жүрөгүмдү үшүттү. Жакын, пикирлеш, санаалаш элек. Өзү айткандай, арабаны сүйрөгөн кошмок аттай КТРКнын жүгүн бирге тарттык эле. Бабасы Балбайдай баатыр мүнөзү, куйкумдуу сөздөрү, Асек атадан калган устачылыгы, жаштайынан калыптанган мээнеткечтиги Бейшекени өзгөчөлөнтүп турчу. 

Быйыл Эмгек сиңирген ишмер наамын алганда куттуктасам: 

"Кыяс аке, кайсынысын айтасың, теледе өлөрчө иштеп албаган наамды эми минтип дүкөнчү болгондо берип жатпайбы..." - деп күлдүргөн эле. Бул билген адамга күлкү эмес эле. Бейшекедей мыктыларды баалабаган күйүт эле! Наркты, салтты даңазалаган Бейшеке теледен четтетилип, дүкөнчүлүк менен алектенгенге аргасыз болду. Бирок теледегидей эле дүкөнчүлүктү да катырып, кыска аралыкта "Айыл азыгын брендке айландырып койду. Бирок Бейшекенин орду билген адамга дүкөнчүлүк эмес, телевидение болчу! Элдин Коломтосуна от жагып, көкүрөгүнө наркты, салтты, динди жеткирүү эле! Аттиң дүйнө!

Бейшеке жолуккан сайын: "Мен минтип дүкөнчү, сен колуңа кетмен кармаган багбан болот деп ким ойлоптур?!" - деп кейип калчу. "Биздин мээбизди сыгып, акылыбызды саап, агартуучулугубузду пайдаланса, мамлекетибизге алда канча кызматыбыз артпайт беле!" - деп күрсүнүп алаар эле. 

Бейшеке бабасы Балбайдай баатыр болгону менен жүрөгү менен көңүлү назик эле. Коомдогу адилетсиздик, өзүнө жасалган адилетсиздик, сүйгөн кесибинен четтетилгендик жүрөгүнө катуу тийди. 3 жыл мурда инфаркт болуп, быйыл жайда дагы бир кайталанган. 3-жолкусу эми минтип бизден түбөлүк ажыратты. 

Ошентип быйылкы жыл жалпы элибиз үчүн оор жоготуулар менен коштолду. Жайында жакын досум Тилек Мураталиевден, күзүндө алайкуулук жан досум, курсташым Таалай Апызаковдон, эми минтип кыштын кычыраган күнүндө, жыл соңунда жакын санаалаш досум Бейшенбек Бекешовдон ажырап отурам. Кош бол Бейшеке! Ыйманың саламат болсун! Сиз ар дайым жүрөгүбүздүн түпкүрүндөсүз!” деп Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер