Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шухрат САБИРОВ, антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору: “Баалар кескин өсчү болсо, тийешелүү чараларды көрөбүз”

Шухрат САБИРОВ, антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору: “Баалар кескин өсчү болсо, тийешелүү чараларды көрөбүз”

22-ноябрь, 10:32
412 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шухрат Маматалиевич, акыркы кездерде товарлардын кээ бир түрлөрүнө баалар өскөнү байкалууда. Мунун себеби эмнеден?

-- Товарлардын баасы сезонго, инфляцияга жараша кээде кымбаттап, кээде арзандап турат. Биз базар экономкасынын шартында жашап жатабыз да. Акыркы кездерде көмүрдүн баасы бир аз кымбаттады. Мунун себеби, кар жаап, көмүр ташыган унаалардын чыгымдары көбөйдү. Ундун баасы да бир аз өстү. Анткени, бизде өндүрүлгөн буудайдын көлөмү өзүбүздү толук камсыздаганга жетишсиз. Жетпеген бөлүгүн Казакстандан алабыз. Казакстандын өзүндө болсо быйыл түшүм азыраак жыйналып, акыркы айларда буудайдын, нандын баасы жогорулады. Бизге да ошонун таасири тийүүдө. Мындан тышкары, картошканын, эттин баасы өткөн жылдагыга караганда бир аз кымбат болууда. Биздин дыйкандар өздөрүнүн чыгымдарын эсептеп, ушундай бааларды коюп жатышса керек. Базарда товардын көлөмү көбөйсө, албетте, баалар арзандай баштайт. Эгер бир айдын ичинде баалар 20 пайыздан жогорулап кетсе, ошол учурда мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы колдонулат. 

-- Анда сиздер азырынча кийлигишпейт турбасыздарбы?

-- Ооба, кийлигишпейбиз. Бирок, күнүмдүк мониторингди жүргүзүп жатабыз. Баалар кескин өсчү болсо, тийешелүү чараларды көрөбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер