Бүбүсара Калыкова: “Чубак ажы теспе берген, каза болгондо үзүлүп кетип атпайбы...”

Жакында эле акын Айнагүл Базарбаеванын жаңы китебинин бетачарына жазуучу атпай журту жыйылып, тегерек үстөлдү тегеректей, телегейдин өйдө-төмөнүнөн кеп кылып отурдук. Менин жанымда өзүнүн басмаканасы бар китепкөй жигит Жумадин Кадыров отуруп калды. Аркы-беркиден кеп салып отуруп, сөз учугу эки көзү азиз акын эжеге келип такалды. Эртеси эртең менен Жумадин экөөбүз болжошкон жерден жолугуп, эженин үйүнө келдик. Биздин дабышты угар замат эже өзү эшик ачты күлүп-жайнап. Таягы “тык-тык” этип, жерди сайып бизди чарбагы тарапка баштады.
-- Киргиле, отургула. Бул менин офисим, - деди эже тамашалай. -- Күнү-түнү ушул жердемин.
Башкача бир чөп-чардан демдеген чай ичип, дасторкон үстүндө баарлашып отурдук.
-- Менин түшүмдө, өңүмдө бир кызды көрө берем. Кызгылт көйнөк кийген, чачы капкара, оң ийнине дайыма кара сумка асынып жүрөт. Так маңдайыма келип, күлүп жайнайт. Мен ошол кызды күтүп жүрөм, - деди эже.
-- Ал Динара болуш керек, эже, бу кыздын да чачы капкара, асынган кара сумкасы бар. Дайыма ушул сумкасын асынып жүрөт, - деди Жумадин. Биз күлүп калдык.
Ары жакта турган үстөл үстүндө компьютер дыңылдап иштеп атты. Кыязы, күндөп-түндөп эле сайылып турат окшойт.
Эже ойлонбой туруп кадимки Барпы акындай эле көмөкөйүнөн төгүп жаза берет экен. Бир отурганда оголе көп ыр жазылып каларын айтты. Мен алгач “жамак ырлар болсо керек” деп ойлоп кеттим. Жок, жетик ырлар экен. Өзөк бар, ой бар. Мүдүрүлбөгөн уйкаштыгы керемет, чабыты, арышы кең экен ырларынын. Эң башкысы өзгөчөлүк, тереңдик бар.
Тунарбачы асманым көктүгүңдөн,
Ченей албас бир да жан чек түбүңдү.
Кусанын кулу болуп зар какшаткан,
Муңканган сүтак болуп өттү күндөр...
***
Үн уктум дилди козгоп “селт” эттирген,
Үй куттуу, эртели-кеч эл көп кирген.
Баскан жол, жашаган там зындан сымал,
Ажалдуу мылтык кезеп желдет жүргөн.
***
Шимирип шаңдуу жаздын нөшөр демин,
Тарсаят колумдагы көкөөр “желин”.
Жеткенде марасына өмүр серем,
Жайнаган кош карегим өчөөр менин...
Ушундай. Тема коюлбаган, жылдызча менен бөлүнгөн башка-башка ырларын бир куплеттен алдым. Ар бир ыр он куплеттен, же андан көп экен. Бул болсо аккан ырдын нөшөрдөй көнөктөп, токтолбой жаткандыктын белгиси.
Эженин дагы бир өзгөчөлүгү – көзүнүн азиздигине байланышуубу, айтор, кайсы ыры кайсы бетте, кайсы саат, кайсы убакта жазылганын жатка билгени. Компьютерден издегенге оңой болот окшойт, себеби, компьютер үн чыгарып, айтып турат экен.
Эженин ар бир сөзүндө так цифралар коштолуп айтылып атты. Мен айылдан шаарга келген мезгилимде арбын досторум болор эле. Ошолордун ичинде көзү азиздер да болгон. “Мен дүйнөнү чылк караңгы көрөм” дечү бирөөсү. Бирөөсү “боз туман дүйнөдө кара сөлөкөттөрдү көрөм” дээр эле. Эгер эже дүйнөнү чылк караңгы көрсө, бул кооз, сулуу ырларды кантип жазып жатты экен (?) деген ой келди мага.
-- Эже, сиз жашаган азыркы дүйнө кандай? Чылк караңгылыкпы?
-- Жок, ар түркүн түскө боёлгон нур дүйнө. Мен аны эч түшүндүрүп бере албайм. Асмандан тынымсыз роза гүлдөрү да жаап турат. Жашыл, сары, кызыл, көк нур дүйнө. Азыр мына силер жашыл нурда отурасыңар. Силердин алдыңарга сулуу розалар жаап жатат. Мурда жоогазын, гладиолус, пион, айгүл гүлдөрү жаап турчу. Айтор, Динара, бу дүйнө караган сайын канбаган сулуу дүйнө.
-- Өкүнүү, арман сезимдер сизден алыс экен да анда?
-- Ооба. Эч өкүнбөйм. Кудайыма миң мертебе шүгүр кылам. Күндөп-түндөп чексиз ыраазылыгымды билдирип, Жаратканга жалынам. Кээде көзүм көрүп турган сыяктуу беш мүнөттө дүйнө көз алдыман чууруп өтөт. Дарактар, адамдар, машинелер, үйлөр...
-- Мурдакы сиз көзүңүз бар көргөн дүйнө менен азыркы дүйнөнүн айырмасы барбы?
-- Бар. Асман менен жердей айырмасы бар. Мен көрүп турган гүлдөр пендечилик дүйнөдө жок. Динара, сен муну мындай түшүн, мен күзгүнүн ичиндемин.
-- Акылмандар “бу дүйнө - чагылуу дүйнөсү” дешкен да, демек, биз чагылып көрүнөбүз.
-- Ошондой десе да болот. Биринчи бир көзүм кетти, анан экинчиси көрбөй калды. Мага врачтар айтышкан, даяр болчумун. Компьютердик курска барып, 4 ай окудум. Компьютер сатып алып, машыктым. 2007-жылы көрүп-көрбөй баштагам. 2008-жылы ошол көздүн жогорку кан басым оорусунан улам такыр көрбөй калдым. Чалым ичет, Кудайдан суранам “менин билип-билбей кылган күнөөлөрүмдү кечире көр” деп. Ошондо баягы мени ээрчип жүргөн кара булут жоголуп, бүт айланам аппак болуп калды. Ошол ак булуттун бир үзүмү мени азыр дагы коштоп жүрөт. Ошентип, тиленгенден кийин үстүмө шаркыратма төгүлүп, тазаргансыдым. Ошондон кийин гүл жааган нур дүйнөгө кабылдым.
-- Энергияңыз ашып-ташып турабы?
-- Ооба, эч чарчабайм. Ваннаны толтуруп коюп, суу астында отурам. Энергияны көтөрө албай кетем. Чубак ажы берген теспем бар, ошону сыдырып, Кудайга жалына берем.
-- Кудайды эстеп жүрүү жакшылыкка эле алып барат эмеспи.
-- Ишенесиңби Динара, кээде чо-оң ааламдык компьютердин ичине кирип кеткендей болом. Ал жактагы адамдар күлүп-жайнап гана жүрүшөт. Бири да кара ниет эмес.
-- Ишенем эже, ал бир таза, башкача дүйнөнүн сүрөтү, жашоосудур. “18 миң аалам бар” деп айтылат эмеспи. Чыгармачылыкка баш-отуңуз менен качан кирдиңиз?
-- 2011-жылы кирдим. Ага чейин деле чыгармачылыкта жүргөм, түйшүк буту-колумду байлап койгон. Жаза турган калем, дептер 2005-жылы берилди.
-- “Мага ырлар куюлуп келет” деп атасыз. Мөндүр сыяктуу бир жаап өткөндөн кийин кайта кайталанбайт да?
-- Ооба, ошону терип алыш керек. Жаза турган учур келгенде күнбү-түнбү эч нерсеге карабай отурам. Салмагым жок жепжеңил болуп, каалгып калам. Эки колум клавиатурада, өзү эле шыпылдап жазып баштайт. Ошо менен токтоосуз кээде 30, кээде 40 бет ыр жазылат.
-- Сизде Барпы акындын күч-кудурети бар экен, эже.
-- Мен өзүм да сезем. Кудай мени атайылап ушул жолго салдыбы? Кандайдыр бир кыла турган озуйпам бардыр (эже компьютерден ыр издеп тапты. – Д.Б)
Себелеген аруу тамчы жамгырдан,
Жайнаган гүл чаңкаганым кандырган.
Барпы акын жагып кеткен тамызгы,
Алып турчу караңгыда шамды ырдан.
Жылдыз толгон кечки көгүм, асманым.
Сенсиң менин бүтпөс муза дастаным.
Жаңылбастан жылдырууда бактылуу
Күн менен Ай ынтымактуу таскагын...
-- Омар Хаямдын үнү угулат экен ырларыңыздан.
-- Ал акындын менде кичине көк китеби жүрчү, аябай окуйм. Таасирленгем.
-- Канча тил билесиз?
-- Өзбекче, казакча, орусча, кыргызча билем. Тажикче түшүнөм. Көп тил билсең жакшы экен да.
-- Баш-аягы канча китеп жаздыңыз?
(Эжеден озунуп Жумадин жооп берди)
-- 2015-жылдары бир томдук “Омар Хаямдын желеси” деген китебин, “Бейиш кушунун көз жашы” деген эки томдук китебин тапшырды. Чыгаралы десек акча жетпейт. Акыры өндүрүшкө салдык. Алексей деген кызматкер туура эмес түшүнүп, биринчи прозасын чыгарып ийиптир, мен өзүмдү ыңгайсыз сезип калдым. Кара сөз чыгып, ыр жыйнакты каражаттын жоктугуна байланыштуу токтотуп турдук. Көрсө, баягы эки романы эженин жолун ача турган эмгек экен. Кокустан окуп калып, кызыгып калдым. Азыр колдон колго өтүп, окулуп жаткан учуру. Эженин 40 том китеби бар.
-- Ырахмат Жумадинге, оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, жардам берип жүрөт. Окшош адамдар бири-бирин таап алышат экен да.
-- Кудай кааласа сиздин ырларыңыздын өмүр жашы миң жылдарды карытат экен, эже.
-- Рахмат, айланайын! Мен “Ала-Тоо” журналына ырымды бердим. Маркабай Ааматов: “Кайда жүрөсүң? Анча-мынча көөдөн каккандарды бутуң менен жылдырып, орундарды алып турмак экенсиң” дейт. “Ой мага орундардын кереги жок” дедим.
-- Сиз чырактай көзүңүздү жоготуп, поэзиянын сыйкырын, сулуулугун нак жүрөктүн көзү менен көрүп, ырдап жатасыз. Бул нерсе темир, кагаз менен баалангыс го?
-- Ой, айланып кетейин, мен да ошол ойдомун. Келгенин келгендей жазып коюшум керек. Ошол кооз дүйнөнү Кудай мага бекеринен көрсөткөн жок. Мен көргөн дүйнө баардык пенделик кызыкчылыктан жогору. Мен пенделик кызыкчылыкты кечип кеткем.
-- Сизге асмандан жалаң эле сулуу гүлдөр жаап турабы?
-- Жок, жамандык болордо кара гүл түшөт. Чоң балам каза болордо кара роза түшкөн. Кийин сиңдим каза болорда да ошондой көрүнүш кайталанды.
-- Эже, 71 жашка келсеңиз да сулуу экенсиз. Үнүңүз да уккулуктуу шыңгырайт тимеле. Жаш кезиңизде далай жигиттердин жүрөгүнө чок салсаңыз керек ээ?
-- Байкуш жигиттерди аябай эле азапка салдык го (күлдү). “Сулуусуң” деп топ-тобу менен аркаман ээрчип жүрчү эле. Турмушка чыкандан кийин деле тойго барып калсам, мени көрмөккө ээрчип барышат эле. Сулуулук бир жагынан жаман, душманыңды көбөйтөт. Мени жек көргөндөр толтура эле. 1977-жылы поэзия фестивалында биринчиликти алдым, “бул сулуу, калыстар менен көңүлдөш болуп орун алды” деп жаман кылышкан. Айгүл Узакова экөөбүз биринчиликти алганбыз, ар бир орунга экиден жеңүүчү болгон.
-- Айгул эже да сулуу болгон экен го, таза “махалада дуу-дуу гап” болгон экенсиздер да?
-- Айтпа, ал дагы сулуу... Айгүл досум башкача жан эле. Бетке чабар, акындык түз кыялдары менен жүрчү. Кээде турмуштан кыйналып кеткенде мага келчү. Мен көңүлүн көтөрөйүн деп шаарга алып чыгып, кичине ачуу алып берип, шашлык, чай-пай менен бир жерде отурат элек. Бирөө туура эмес бирдеме кылса, “сен эмне мындай кылып атасың?” деп калат эле. “Айгүл кой, сен чоң акынсың” десем, “мен акын эмесмин, мен ясновидящиймин” деп күлдүрөт эле. Мыкты адам эле Айгүл досум.
-- Алдагы колуңуздагы теспени Чубак ажы берди дедиңизби?
-- Ооба. Барып жолугуп, батасын алгам. Кийин каза болордо ушул теспе үзүлүп кетип, бир мончогун эч таппайм. Чубак ажыны жерге бергенден кийин табылды. Топурактын ичине кирип кетиптир. Чуңкурдун каптал жагына, көрдүн казанагына окшош жерге тыгылып калыптыр. Минтип кайра уч жагына тизип койдум. Жакшы-жакшы инсандар кетип жатышат...
Динара Бейшеналиева
"Азия Ньюс" гезити