Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мадумаров менен Жапаровдун тарапташтары элди түндүк-түштүккө бөлүп ийбейби?

Мадумаров менен Жапаровдун тарапташтары элди түндүк-түштүккө бөлүп ийбейби?

15-ноябрь, 17:20
1 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун тарапташтары соцтармактардан айтышууда. Тирешкендери ырбап баратат. Мындай көрүнүш саясый кырдаалга кандай таасир этет?” деп сурамжылоо кылып көрдүк. 

Айнура Аскарова, ЖК депутаты: 

-- Акыркы күндөрү соцтармакка кирүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Атаандаштыкта да саясый маданияттуулук деген болуш керек. Албетте, бизде Европадай же башка өнүккөн өлкөдөгүдөй институт катары калыптанбаса да каада-салттын, нарк-насилдин негизинде бар болчу. Мени өкүндүргөнү, ошонун талкаланып баратканы. Керек болсо, жек көргөн душманыңды саясый маданияттуулук менен жеңгенге аракет кылыш керек. А бизде кичинекей эле мүдүрүлүп калдыңбы, бүттү, шалпылдатып эле чака-чака жугундуну баш ылдый куюп иймей. Бу деген коомдун деградациясынан кабар берип турат. Кандай болгон күндө да союздан келаткан терең идеологиябыз бар эле. Таалим-тарбия, билим-илим, үй-бүлө институту деген, муну талкалап алдык. Эки тарапты “ии, жыргап урушуп атышат, мени коргойт” деп отура берген болбойт. Тарапташтар андан ары козутуп, өйдө-төмөн сөздөрдүн ырбаганынан түндүк-түштүк маселеси чыгып кетиши ыктымал. Ошон үчүн мындай абалдан этияттыкта, саясый көсөмдүктө арканды алыс таштоо аркылуу көрөгөчтүк менен эки жакты ынтымакка чакырып, туура жолго салып койгон оң. 

Кубаныч Кадыров, коомдук ишмер:

-- Саясатчылар мамлекеттин тынччылыгы, элибиздин бүтүндүгү, бакубаттуулугу үчүн тескери жолдорго барбасына ишенем. Ар бир саясатчынын колдоочулары, электораты бар, бирок эки тараптын тең ошол эле соцтармактагы адамдарын “биздин мамлекетке тынччылык керек. Ансыз да сырткы саясатыбыз оор. Элди бөлүп-жарып ийбегиле. Саясый туруктуулук бизге аба-суудай керек экенин сезгиле! Бүткүл дүйнө эли карап турат, майдаланбагыла!” деп чакырып кетет элем. Менин байкашымча, соцтармактагы кайым айтышуулар убактылуу нерсе, бүгүн бар, эртең жок. Ага көп деле көңүл буруп кереги жок.

Күмөндөр Абылов, КР эл артисти:

-- Саясый атаандаштыктан алсак, эки жактын жактоочулары сабырдуулук тили менен ыгына келтирип, карылар калыс ойлорун айтса туура эле болот. Бул жерде кандайдыр бир топтор түзүлүп алып эле бири-бирине ашмалтай ойлорун айтып атышат. Сырттан карап тургандар түшүнбөй калышып, кимиси жакшы, кимиси жаман экенин билбей атканын байкайм. Алсак, “Мадумаров Каркыраны саткан” деп атат, чын-бышыгына жетпей туруп. Же Мадумаров келип ушунусун ачыкка чыгарып, “бул жер мындай болгон, тиги жер тигиндей болгон” деп калың элге түшүндүрмө берип койбойт. Териштирилбегенден улам соцтармактагылар омбу-домбу уруп атышат. Же берки тарап “Мадумаров, сен Каркыраны моминтип сатпадың беле?!” деп фактыны көрсөтүп койбойт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтарым, улуусун кичүүсү угуп, билимдүүсүн билимге умтулганы угуп койсо жакшы болот эле. Демократиянын ушу жери: өзгөчө соцтармактарда сөгүнгөнү быякта, уят сөздөрү тиги жакта, оюна келгенди оттоп аткандары ирежитип келет. Албетте, капа болосуң.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер