Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Белгилүү куудул Асанкул Шаршеновдун 95 жылдыгы белгиленбей калабы?

Белгилүү куудул Асанкул Шаршеновдун 95 жылдыгы белгиленбей калабы?

05-октябрь, 13:08
1 052 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Асанкул Шаршенов агабыз көзү тирүү болгондо 95 жашка чыкмак. 1927-жылы Сары Өзөн Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жал айылында туулган. 40 жыл филармонияда эмгектенди. Бу кишини эстеген жан барбы? Республикалык болбосо да облустук же райондук деңгээлде бул датаны белгилеп коюшса дейт элем. Асанкул аганы далай ирет көрдүм, анан бир нерсе эсиме түшөт. 1976-жылы мектепти бүтүп, мен да эл катары Фрунзе шаарына окууга келдим. Баары кеч болуп калыптыр. Жалгыз филармониянын алдындагы эки жылдык студия өнөргө шыктууларды кабыл алып аткан экен. Анда Панфилов паркынын бир жагында филармония жайгашкан. Асанкул Шаршенов экенин кайдан билем, бир киши келатат. Адамды өзүнө тарта турган жагы оркоюп көзгө көрүндү. Жай айынын саратан кези. Болжол менен июль айынын башы. Аппак шымынын бир багалеги кыска, бутунда капкара болгон босоножкасы, байпагы жок, шыйрагынын жүндөрү көрүнүп турат. Жаныма келип отуруп калды. Анткени, келатканда эле каткырып күлүп ийгем, айылдык манерада. Анан “эмне күлүп атасың?” деди. Мен да шыр эле “сүткө түшкөн коңуздай көрүнүп атсаңыз күлөм да” дедим. Коңур үнү менен “эмнем коңуз, эмнем сүт?” деди, “Шымыңыз аппак, бутуңуздагы босоножкаңыз кара экен” дегенде эле, “сен Келдибек Ниязовдун тууганы эмессиңби?” деди. А бул жагына келсек, Келдибек байке Асанкул ага менен көп жылдар бою бирге эмгектенди, болгон жорук-жосундарын, тарых-таржымалдарын мындан ашык билген киши жок. Кээде Келдибек байкеден Асанкул Шаршенов жөнүндө сурап калганымда, каптын оозун ачып ийгендей эле жайылып кетет. Анча болду Келдибек байкенин айтуусундагы Асанкул аганын жоруктарынан бирин-экин жумгактап айта кетели.


Сантехник чакырсаң болмок

Бир күнү Бурулча Какишева эжебиз жумушка кечигип келди да, “түнү менен караң калгырдыкы жөтөлүп чыктым, кууратты. Жөтөлгөн сайын заарам аз-аздан чыгып кетип атты” десе, Асанкул “таң аткыча заараңды тамчылатып жата бербей сантехник чакырбайт белең?” десе боло.


Аллергияң сасык болот турбайбы

Бир жолу атактуу эле артист эки-үч күн катары менен ичип жумушка келбей атып келди да, “ооруп аттым. Аллергия болдум” десе, Асанкул “энеңди ур-райы-ын, аллергияң жаман сасык турбайбы?” дегенде элдин баары күлүп атып жыгылган.


Ис-скейинден башканы

Токтосун Тыныбеков өзүнүн 50 жылдык тоюн үйүндө өткөзүп атат. Куттуктоо сөз кезеги Асанкулга келгенде “Токо, 50 жаш торколуу тоюң кут болсун. Эми сен ак таңдай акын болгондон кийин мен да ыр менен куттуктайын” деп эзели комузду колго кармап көрбөгөн адам кылдыратып, “Үлгү алсак деп жүрүшөт, Токомду көргөн жаш-кары. Бирок Током сүйлөбөйт ис-скейинден башканы...” дегенде андагы маданият министри Күлүйпа Кондучалова эже баш болуп кыйрап калганбыз.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер