Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда бензиндин баасы дагы көтөрүлөт

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы көтөрүлөт

12-апрель, 12:01
992 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү май дагы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. 2021-жылдан тартып Кыргызстанда бензиндин баасы кескин көтөрүлүп, 32 сомдон 45 сомго жетсе, дизель 40 сомдон ашкан. Айрым маалыматтар боюнча, Россиянын мунай заводдорунда 1 тонна бензин үчүн нарк 100-150 долларга чейин көтөрүлөт. Демек, Кыргызстанда 7 сомдон 10 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Ал эми дизель заводдордо 40-60 долларга чейин көтөрүлсө, бул Кыргызстанда 3 сомдон 4 сом 80 тыйынга чейин жогорулашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Бул ортодо Тажикстанда да бензиндин баасы кымбаттап, 8,80 сомони болгон. Аны кыргыз сомуна которсок, 65 сом 50 тыйындын тегереги, ал эми алыскы аймактарында 9 сомониден сатылууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер