Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дүйнөлүк пандемиядан кийин элибиз каржалып, кризисте калдык...”

“Дүйнөлүк пандемиядан кийин элибиз каржалып, кризисте калдык...”

11-сентябрь, 20:41
3 804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Коомчулуктун басымдуу бөлүгү 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого алаксып атышат. Ал эми кышка даярдык кандай? Отун, суу, жылуулук берүүчү ишканалар кризисте эмеспи?

Руслан Акматбек, саясат талдоочу:

-- “Жаз – жарыш, күз – күрөш” деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, оокатын жүргүзүп аткан биздин карапайым адамдар, чарбасында эмгектенген дыйкандар өз турмуштары менен алек. Бирок, бир нерсе мени кооптонгондурат – бийликтин фокусу саясый процесстерге эле реакция кылып калды. Экономикалык абалды жакшыртуу же элдердин социалдык абалын өзгөртүү эмес. Тилекке каршы, бийликти бекемдөө, бийлик ресурстарын бөлүшүү менен ашыкча алектенип, “мекенди сүйүү” деген түшүнүк менен аралаштырып алгандай таасир калтырууда. “Алардын мындай иш-аракеттери коомго канчалык пайда алып келип атат?” деген суроого анык жооп жок. Негизи эле бир жылдан бери шайлоо, референдум, кайра шайлоонун тегерегинде жүрөбүз. А чыныгы реалдуу көйгөйлөр көз жаздымда калып кетти. Глобалдуу план, стратегия, жол картабыз кандай болот, кайсы тарапка кетебиз (?), өнүгүү жөнүндө жаралган маселелерди жана суроолорду талкуулабай атабыз. Анысы аз келгенсип, чиновниктер калп айтууга өтүп алышты, “андай эмес, мындай эмес” дешип...

Медер Алиев, эксперт:

-- Биздин коом өтө эле саясатташып кеттик окшойт. Бешиктеги баладан баштап  токсондогу карыяларыбыздан өйдө бассак-турсак саясаттын тилин сууруп, тишин чагып калдык. А экономика көйгөйү четте калды. Ал эле эмес социалдык сектор, билим, ж.б. тармактарга тийешелүү көңүл бурулбай, “мышык ыйлаган абалда” десем жаңылбайм. Менимче, мындай учурда негизинен экономикага басым жасаш керек деп ойлойм. Жашырганда эмне, биздин өлкө 30 жылда бир топ эле алсырады. Тилекке каршы, ушул жылдары ири экономикалык инвестициялык долбоорлорду кыла албадык, муну моюнга алган оң. Талашканыбыз эле бийлик болду. Оппозицияда жүргөндө баардыгы сонун сүйлөп, бийликке келгенде эле теңирден тескери болуп калат, муну көрүп атпайбызбы. Ошон үчүн экономикага эле көңүлүбүздү түз койсок дейм. Албетте, баары эле жаман эмес, шүгүр дейли. Бирок, чеке жылытарлык нерсени көрбөй атабыз. Өзгөчө дүйнөлүк пандемиядан кийин араң турган жаныбыз бир топ аксап, элибиз каржалып, кризисте калдык... 

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер:

-- Коммунисттердин доорунда жаз келери менен кышка даярдыктар башталчу эле. Партиянын пленумдарында, жыйындарында маселе коюлуп, талкууланып, системдүү иштер жүрчү. Азыр көрүп атасыңар, отун-суу, азык-түлүк, күйүүчү майлар бүтүн кымбаттап атат. Кыш мезгили жакындап калды. Мындай учурда кышка даярдык деген маселе мамлекеттик деңгээлде талкуу жаратып, атайын иш топтомдору, план-мероприятиялар түзүлүп, аны ишке ашыруу, анын системдүү аракеттери жүрүш керек болчу. Чындап эле бул жагы анча болбой атат. Учурда “келаткан кыш мезгили оор болушу мүмкүн” деген прогноздор айтылууда. Ал эми экономика жагыбыз да көңүл жылытарлык абалда эмес. Ошондуктан буга маани бериш керек. Жакында парламенттик шайлоо башталганы турат. Элибиз болсо ашкере саясатташып кетти, бул да туура эмес жагдайды жаратууда. Ар бир адам билген өз ишин жасашы керек, саясатчы саясат менен алпурушуп, бизнесмен бизнеси менен дегендей. Мамлекетти өнүктүрүү үчүн айтылып келген үч устун бар: мамлекеттик саясый түзүлүш, экономика жана идеология деген. Ушул үч устун туура, кынтыксыз коюлуп иштей баштаганда, улуттук иденттүүлүк кыргыз элинин табиятына ылайык багыт алганда, өнүгүү жакшы нукка түшөт. Андыктан, бийлик, эл, коомчулук биримдикке келип, бирдиктүү иш алып барганы оң.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер