Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Саясаттын эмес, илимдин, маданияттын каармандарын чыгаралы”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Саясаттын эмес, илимдин, маданияттын каармандарын чыгаралы”

06-декабрь, 20:35
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, бүгүн улуттук нарк, каада-салт, тарбия тууралуу аябай көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Абал ошончолук эле олуттуубу?

-Бул биздин жасалмаланбаган жылаңач чындыгыбыз. Коомдо болуп аткан турмушубуз. Учурдагы абалыбыз. “Учурдагы абалыбыз ушундай болуп атса, анда биз келечектен эмнени үмүттөнөбүз?” деген собол жаралууда. Бүгүн биз инвесторду сырттан эмес, үйдөн издеп, балдарыбызга инвестиция салсак кандай жакшы болот эле. А биз болсо анткендин ордуна инвестицияны жасалма шаан-шөкөттөргө, аш-тойлорго сарптап атабыз. Биздин жазылбаган мыйзам болуп калган салт-санааларыбызды чанып, тилибизди жерип атканыбыз мунун баары биздин (бүгүнкүлөрдүн эле эмес, келечек муундун да) жолуна бөгөт болуп, башына тийе турган таяк. Биз экономикалык жактан башкалар менен теңтайлаша албайбыз. Биз руханий дүйнөбүз, маданиятыбыз, илим-билимибиз менен туруштук беришибиз мүмкүн. Ошон үчүн мен бүгүн жалпы элге, эл жакшыларына кайрылдым. Бүгүнкү күндө ашынган популизмге шөкөттөлүп алып, жасалма, сыртынан гана мекенчил көрүнгөн жармач саясатчыны каарман кылбай, илимдин, билимдин маданияттын каармандарын алып чыгышыбыз керек.

-- Аны ишке ашыруунун жолдорун эмнеден көрөсүз? Мисалы, адабияттын каармандарын кантип чыгарабыз?

-Ким Айтматовдой дүбүртү чыгып келатат, ошону иликтеп, жакшы-жаманын иргеп, пропаганда иштерин жүргүзсө болобу? Турат да бизде даяр продукция! Аны иштете турган киши жок. Механизм жок. Аны биз чыгарышыбыз керек, ал эртеңки коомго керек да! Эртең Мамакеевдин, Акрамовдун аты ушуну менен бүтүп калабы? Дагы уланып чыгышы керек да илимдин адамдары. Мунун мамлекеттик деңгээлде механизмин ойлоп таап, элге пропаганда кылып, жолугушууларды өткөрүп, эмгектерин айтып даңазалап, сыйлыгын берип, кадырлап, чыгармаларын котортуп, дүйнөгө чыгарсак не? Бул оңой эле, боло турган нерсе.

-Бир эле мисал, даяр Токтогул сыйлыгы канча жылдан бери берилбей келатат...

-Ооба, интригадан улам. Өзөктүү нерселерибизди муунтуп коюп атпайбызбы. Мунун баарын жасайлы да. Өз алдынча эгемен мамлекет болгондон кийин биз өз маданиятыбызды көтөрүп алып чыгышыбыз керек. Биз көрүнгөндү ээрчип, кичине чачып койгон жемине жемсөөбүздү толтуруп алып кетип баратабыз. Бирок, кайда кетип баратканыбызды билбейбиз. Каякка барып такалып, анан какап каларыбызды да сезбейбиз...

-- Мамлекеттик катчы жалгыздык кылып атат дебедиңизби, ага ким жардам бериши керек?

-Мамлекеттик катчы менен маданият министрлиги топтошуп алып иштеши керек. Анан мамлекеттик катчынын алдында региондордо дагы штаттык бирдиктер болууга тийиш. Бир кезде Эстебес Турсуналиев өңдүү залкарлар айылдарды кыдырып, элдин жандүйнөсүнө руханий жаңылануу тартуулачу эмес беле? Кана, бүгүн ошону ким жасайт? Ошого мамкатчынын жанына бирөөлөр керек да. Азыр жардамчысы экөө эле...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер