Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Садыр Жапаровдун “ОДКБга кирбейм, адам укугун коргойм” деген максатын жактайбыз!”

"Садыр Жапаровдун “ОДКБга кирбейм, адам укугун коргойм” деген максатын жактайбыз!”

17-октябрь, 09:00
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акыркы убактагы Кыргызстан менен Россиянын алакасына кандай баа бересиз? Ачык айтылбаган келишпестиктер, тоскоолдуктар барбы? Эгерде эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууй берсе, элибизге кандай таасир этет?” деген суроо салдык.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамиле кичине сууп баратканы ачыктан-ачык көрүнө баштады. Биринчиден, геосаясаттагы талап. Экинчиден, 1917-жылданбы же андан эртерээкпи, Россия бизди өзүнүн колониясы катары көрүп, “биздин айткандарыбыз айткандай болсун” деп келишкен. Кээ бир маселелер боюнча туңгуюкка такалып, же өнүгүүгө жол таппай атканыбызда ошол мамлекеттин залакасы тийбей койгон эмес. Учурда Кытайдан башталып, Өзбекстан жана биз аркылуу Европага чыккан темир жолдун салынышына ачыктан-ачык Россия каршылык кылып келет. Анткени, алар биз менен гана байланышып, өнүгүүгө чыкпоо маселеси манилүүдөй. Үчүнчүдөн, биз буга чейин Россияны колдоп эле келгенбиз. Себеби, биздин канчалаган мигранттарыбыз ошол жакта жүрүшөт. Бирок, акыркы 2021-2022-жылдар аралыгында Россиянын аскердик күчтөрү Тажикстанды колдоп, баардык ЖМКлар аркылуу “Кыргызстан басып келди” кылып көрсөтүштү. Жадагалса президентине орден берип, жолугушууларда өзгөчө мамиле жасагандыгы үчүн ОДКБнын ичинде деле бизге караганда Тажикстанга басым жасап, алар менен жакыныраак экенин ачыктап коюшту. Ушунун кесепетинен биздин экономикабызда оорчулук болушу мүмкүн. Баардык күйүүчү майлар, газ ж.б. Россиядан келет. Бирок, геосаясатта ушундан пайдаланып, биздин жетекчилер туура позицияны карманып, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору кармап калышса болот. Мына ошондо гана көз каранды болгон деңгээл азайып, эгемендүүлүктү өзүбүздүн колго алабыз (!) деген үмүт бар. 

Акжол Келгенбаев, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын мүчөсү:

-- Азыркы убакта кыргыз-орус мамилеси бир топ эле солгундап калды. Анткен менен кыргыздар үчүн кандайдыр бир оор санкцияларды же атайын бизге каршы мыйзамдарды киргизген жок. Болгону мурунку мыйзамдарын күчтөнтүп койду. Буга чейин анча-мынчалары көз жаздымда кетчү. Россияда мигрант болуп көптөн бери иштеп келгендерге анча кыйынчылыктар байкалган жок. Мурунку калыбында жүрүп жатат. Албетте, баары эле сонун дегенден алыспыз. Соода-сатык тармагындагылар бир аз кыйналышууда. Одоно, эпсиз тоскоолдуктар жокко эсе. Бул күндөргө чейин биздин мигранттардын чочулаган бир нерсеси бар болчу. Такси кызматында иштеп аткандар “айдоого укуктуу деген күбөлүктү (права) “Россияныкы гана болуш керек, калгандары жарабайт” деп койсо эмне кылабыз?” дешет. Бирок Россия андай кылбады. Демек, биздин балдар коркпой-үркпөй такси кызматында иштеп, жашоолорун улантууда.

Төлөйкан Исмаилова, коомдук ишмер:

-- Россия – колонизатор. 30 жылдан бери келаткан эгемендүүлүк дагы деле биз үчүн опурталдуу болуп, чоң тоскоолдуктарга тушугуудабыз. Россия бизди эч качан жакшы жолго салган жок. Анткен менен биз Россияга, элине каршы эмеспиз. Анын саясый системасына каршыбыз. Бүгүнкү президенти тынч элге кол салып, жеке эле Украинага эмес, постсоветтик өлкөлөргө үстөмдүк кылуу менен “мобилизация” деп эчендеген балдарыбыздан айрылып, “Жүк-200” келип атат. Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүү процессине Россия балта чапты. Адам турмушуна, бейпил жашоосуна, коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Ошон үчүн биз мындай жагдайды бир кездеги Германиянын фашисттик согушуна окшоштуруп атабыз. Биз бул согушту китептен эле эмес, өз көзүбүз менен атабыздын согуштун кесепетинен жаракат алып, өмүр бою кыйналып жашап өткөнүн көрдүк. Россиянын системасын, Путинди агрессор катары кабылдап күнөөлөйбүз жана Гаагадагы эл аралык соттун алдында жооп беришин талап кылабыз. Тарыхта мындай нерсе экинчи кайталанбашы керек. Биздин президент Садыр Жапаровдун “ОДКБга кирбейм, адам укугун коргойм” деген максатта иш алып барып атканын жактайбыз!      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер