Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Чүйдүн атасы" болгондой Эркин Тентишевдин эмне кызматы өтүп кетти? Уят!

"Чүйдүн атасы" болгондой Эркин Тентишевдин эмне кызматы өтүп кетти? Уят!

09-сентябрь, 14:02
1 464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев соңку убактарда саясый өңүттөн активдешип, жергиликтүү аксакалдарды, жаштарды чогултуп, ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен алек. Ынтымакка чакырганын кандайча түшүнөбүз? Туруктуулук жайында го. Азырынча эч кандай кооптонуу деле жок. Же “коркконго кош көрүнөт” ишаратыбы? Андан көрө Чүй облусундагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү түйшүктөрү менен алпурушса кана? Тилекке каршы, тымызын эле саясатка ыктап, күздөгү шайлоонун шаанисин сүйлөп калганы кандай? Балким, элдин оор жүгүн тартуу кыйын сезилип, аламанга аттанып кетүүнү кыялданган кербезиби? “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калат” дечү беле? Негизи эле мамлекеттик кызматкер өз эрежесинен чыкпай иштеп, саясаттан этият жүрсө (!) деген гана кеңеш. Ансыз да Эркин Тентишев облусту башкарганы алгылыктуу иштер болбой жатат. А өзүн чоң жыйындардан “Чүйдүн атасы” дедиртип мактатканы сынга кабылды. Уят! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер