Улукбек Бекмурзаев: “Жол кырсыгынан каза болгон карындашым 23 жашта эле”


Россиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгында каза болгон 23 жаштагы Диана Бекмурзаева Россияга бир жарым жыл мурун кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын таякеси Улукбек Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, Диана Бекмурзаева Ноокат районуна караштуу Төлөс айыл аймагындагы Муркут айылынын тургуну. Ал жол кырсыгына жолдошу экөө кабылган. Диананын жолдошу учурда оор абалда ооруканада жатат.
“Диана турмушка чыккан, эки жаштагы бир кызы бар. Анын сөөгүн кечээ, 23-август күнү алып келишти, саат 22:00 чамасында жерге берилди. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу. Ата-энеси, бир туугандары бар, алардын ар бири өзүнчө үй-бүлөлүү. Диана таята, таенесинин колунда өскөн. Жолдошу да кырсык болгон күнү жанында эле, ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган үч кыргыз жарандарынын бири биздин күйөө бала. Ал 29 жашта, карындашым 23 жашта эле. Алардын кызы учурда таятасынын жанында. Кечээ күнү өкмөт тарабынан 300 миң сом берилди. Мал-жандыктар союлган жок.
Диана өтө жакшы кыз эле. Кыйынчылыкты көп көргөн. Ошто медициналык окуу жайды аяктаган соң турмушка чыгып, бир кыздуу болгон. Кызын кайнене, кайнатасына таштап, жолдошу экөө үй салабыз деп бир жарым жыл мурун Москва шаарына иштегени кетишкен. Бир жарым жыл аралыгында экөө жерине пайдубал тургузуп коюшкан.
Күйөө балабыздын жанында болуп, аны караганы бир тууган агасы бүгүн Россияга учуп кетти. Оор акыбалда болгондуктан жанында бир адам болушу керек экен” деди ал.










