Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Касымалиева “Биримдик” партиясын булгай берсе тизмеден сызылабы?

Аида Касымалиева “Биримдик” партиясын булгай берсе тизмеден сызылабы?

24-август, 20:33
1 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Вице-спикер Аида Касымалиеванын артынан чуу басылбай, административдик ресурстун атасын таанытып атканы ачык айтылууда. Мектеп директоруна “кыргыйдай тийгени” коомчулукту иренжитип, анан калса, жергиликтүү чоңдорго чейин “чочоңдогону” кандай? “Биримдиктин” атынан депутаттыкка жөн аттанбай, жакшы келаткан партияны булгай берсе кечиримсиз да. Арыдан бери болуп, мыйзамды аттап-чаттабай эле жүрсө болбойбу? Жогорку бийлик ишеним артып, эркиндик берип койсо эсирип кеткенине жол болсун! Минтип жүрсө тизмеден сызылып, жазасын алып калбайбы?.. Кечээ Аида Касымалиева катардагы эле журналист болуп жүрүп, Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен депутаттыкка секирген. Экс-президенттен оомат тайганда каратып туруп сатып кетип, жаңы бийликке жармашып, жагалдануу менен жан багып жүрөт. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дейт эмеспи. Эртең бийликке башкалар келишсе, аларга да өтүп кетери шексиз го? Бир сатып көнүп алган неме кантип оңолсун?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер