Акыркы кабарлар
» Коом » Туйбаева 1 миллион 300 миң машина катталганын айтты
Туйбаева 1 миллион 300 миң машина катталганын айтты
12-декабрь, 10:08

Депутат Аалы Карашев Кыргызстанда канча автотранспорт бар экенине, анын канчасы ишеним кат менен жүрөрүнө кызыкты.
Мамкаттоонун төрага орун басары Туйбаева 2019-жылдын 1-декабрына карата 1 миллион 300 миң машина катталганын айтты. Анын ичинен ишеним кат менен канча машина жүргөнү белгисиз экенин, ошондой эле кийинки убактарда автоунааны өзүнө каттаткандардын саны өсүп жатканын белгиледи. Быйыл 1-декабрга карата 400 миңдей автоунаа кайра каттоодон өтсө, мурда бир жылда 100 миңге жетпеген автоунаа кайра катталчу.
"Азия Ньюс" гезити