Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду

Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду

16-март, 18:17
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду. Бул туурасында экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 49 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган. Ошондой эле министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954 миллион долларга жеткенин маалымдады. Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221 миллион доллары тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732 миллион доллары ички карыз.

Мындан сырткары, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520 миллион сом түшкөнү белгиленди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер