Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Баткендеги чек ара чатагында провокациялык күчтөрдүн кызыкчылыгы бар”

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Баткендеги чек ара чатагында провокациялык күчтөрдүн кызыкчылыгы бар”

17-январь, 10:05
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таабалды мырза, Баткендеги азыркы кырдаал боюнча эмне айта аласыз? 

-- Баткендеги акыркы эки инцедент көрсөттү, ал жерде чек ара маселесинен башка да кандайдыр бир жагдайлар болуп жатат. Провокациялык күчтөрдүн дейбизби, же дагы башка жактардынбы, айтор, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болуп жаткандай. Тынч жаткан жарандын үйүн өрттөгөнгө аракет кылышты, ал ишке ашпай калгандан кийин эртеси өз үйүнө кетип бараткан жарандын  машинасын талкалашты, күч органдарынын өкүлдөрүнө карата курал колдонуп, атуулар болду. Андан мурдараак эле Тажикстанда чек ара заставасына кол салуу болгон.  Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн мамлекеттик комиссияларынын ортосунда жолугушуулар өттү. Мен ойлойм, эки президентке да так маалыматтар жетти. Тажикстандын Кыргызстандагы элчисинин бир күндө жумуштан алынышы ошонун натыйжаларынын бири деп ойлойм. Буга чейин өлкө башчыларына маалыматтар туура эмес, бурмаланган негизде жеткирилип турган. Акыркы жолугушуудан кийин жакшы багытка бурулат деп ишенем. 

-- Анда чек арадагы абал туруктуу болуусуна кызыкдар эмес күчтөр бар экен да?

-- Кечээки жолугушууда эки мамлекеттин башкы прокурорлору, ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери жолукканы – бу жөндөн-жөн эмес. Демек, кандайдыр бир маалыматтар бар. Биз комитетте жана палатада бул меселени караганда комиссиядан маалымат угабыз. 

-- Биз тараптан камалган төрт жарандын тагдыры кандай болчудай?

-- Азыр укук коргоо органдары иликтеп жатышат. Мыйзамсыз сакталган курал табылды, “провокациялык  иштер жасалган” деп атышат. Так маалыматты биз чек ара маселесин караганда алабыз. Алар   соттун чечими менен бир айга камалган. Биз кайра карап, үй камагына чыгарууну сунуштадык. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер