Райым Матраимовго кут түшкөн. Ошон үчүн ага баары кызыгышат...
Футболдук кечеге, тойго барса деле Райым Матраимовдун сүрөттөрүн инттернет айдыңына, соцтармактарга чыгарып алышып, талкуулагандар эмнеге дүрбөлөң түшүп атышат? Кечээ болсо 5 жыл мурунку бажычылар менен түшкөн сүрөтү да жарыяланып, бүгүнкү жүрүшү катары баалангандай пикирлерди жаратыптыр. Ал убакта Ошто бажынын начальниги катары иштеп атса, коллегалары менен сүрөткө түшөт да. Бул реалдуулук. Мындай карасаң, Райым Матраимовдун күнүмдүк баскан-турганына “үзүлүп түшкөндөр” арбыды. Ооба, сырдуу инсанга кызыккандар көп болот. Дүйнөлүк практиканын табияты ушундай. Каарманыбыз публикага чыгып, майда ушактарга, жөө жомокторго жооп бербегени дагы элдин бүйүрүн кызытса керек. Сабырдуу жана бийик болсоң, андай нерселерге көңүл бурбайсың да, туурабы? А эң башкысы, Райым Матраимовго кут түшкөн. Ошон үчүн ага баары кызыгышат...
Aryba.kg