Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Талипбек ырчы Амирди неге каргады?

Чолпон Талипбек ырчы Амирди неге каргады?

19-ноябрь, 09:36
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчылар Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек бир убакта ээрчишип ырдаган “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырды   дуэт ырдашкан эле.

Эми бул ыр чыккандан кийин эки ырчынын ортосунан кандай кара мышык аралады, айтор акыркы кездерде бири-бирине ачуу создөрдү социалдык тармактагы барактары аркылуу айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп келишет.  Бул ырга биротоло чекит койгусу келдиби, айтор Чолпон Талипбек мындан ары талаштагы бул ыр экинчи ырдалбай турганын айтып,   интернет баракчасына билдирүү   калтырды жана  ырчы Амирге таарынычын айтып өттү:

“Бүгүн Ош шаарынын студенттерин майрамы менен куттуктап, “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырым менен кош айтыштым. Бул  ырды сүйүп уккан ар бир угарманга терең ыраазычылык билдирем. Ырдын аткаруучуларынын бири катары, ырды бардык радио, телеканалдардан алдыруу үчүн каттар жөнөтүлдү, жана интернет булактарынан да ырдын клибин көрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, Алтынбек Алымовдун калемине таандык бул ырды Амир Аскаровго да аткарууга тыюу салам. Мен бул ырдын жаралуусуна көп эмгегимди жумшадым, ошол үчүн да бул ыр менен коштошуу мага оор болду. Ошенсте да, мен мындан ары таланттуу, бирок, ичи тар адамдын кемсинтүүлөрүн көтөрө албайм. Бул адамда талантка караганда, ич күйдүүлүгү басымдуу экени өкүнүчтүү. 

Амир, мындан ары менин атымды унутуп, интригаларыңды токтотууңду талап кылам. Мени менен иштешкен адамдар менин кандай экенимди билишет, жана мени каралоо менен өзүңдүн эле репутацияңды түшүрүп, чыныгы жүзүңдү көрсөтүп жатасың. Сенин талантыңды баалап, сен үчүн кылгандарымдын баркын бир күн билесиң. Мен үчүн бул окуя чоң сабак болду, мындан ары сендейлер менен мамиле кылбаганга аракет кылам. Баары үчүн менин алдымда болбосо да, Кудай алдында бир күн жооп бересин…”,– деген ырчынын билдирүүсүнө Амир Аскаров да жооп берип:

“Ит үрө берет – кербен жүрө берет… Достор! Мен айтпасам деле менин ойлорумду, жана кандай адам экенимди билесиңер. Баары алдыда! Мен силерди жакшы көрөм, жана кылган жакшылыктарыңарды эч качан унутпайм!”- деп жазды.

Ал эми Амир Аскаров буга эмне деген жооп жазат белгисиз.



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер