Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баяман Эркинбаевдин байлыгы Айбек Алтынбековду даңазага жеткизиптир

Баяман Эркинбаевдин байлыгы Айбек Алтынбековду даңазага жеткизиптир

11-февраль, 09:00
952 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

118 миң долларга жолтандабас теберин айтып, мактангандан кийин Айбек Алтынбеков коомчулукка таанылып калды. Мындай каражатка каяктан жеткенине кызыгып көрдүк. Көп өтпөй жандырмагы да чыкты. Бул депутат айтылуу Баяман Эркинбаевдин бир тууган жээни турбайбы. Көрсө, байлыктын маңызы ушул жакта экен. Убагында Баяман Базар-Коргондогу базарды эжесине алып берип, эбегейсиз соода-сатыктын шыбагасы азыркыга чейин уланганын карачы? Орто жерден карьерге да ээ болушуп, кум-таш сатышып, бул жагы өзүнчө “майкөл-сүткөлгө” айланганы айтылууда. Негизи Айбек Алтынбеков өзү мамлекеттик ишмер, же бирди экиге улаган бизнесмен эмес, тек гана апасынын чогулткан байлыгын пайдаланып, депутаттык мандатка жетип, кымбат машине, кычырыган үйдө жашап, жалган дүйнөнүн таңтамашасына батып жүргөндөй. Качанкыга чейин бактылуу жашоодо сайрандайт экен?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер