Соке жакшылык кылбаган Самат Курманкуловго жаңы бийлик көңүл бурса
Кой-Таш коогалаңында Чүй ОИИБ начальниги Самат Курманкулов башынан жаракат алып, бир жылдай Москвадан дарыланып кайткан. Комада кырк күн жатып, өтө кыйналып, оор сыноону баштан кечириптир. Өткөн бийликтин кесепети тийди. Сооронбай Жээнбеков октябрда кызматынан кетип жатып, күч органдарынын бир катар жетекчилерине генерал чин-даражасын таратып салган. Эки достун урушунан ортодо Самат Курманкулов ден соолугунан ажырады. Өсүп келаткан идиректүү жигит эле. Соке убалдан коркуп, үй, генералдык наам берип койсо, бир жери кемип калат беле? Бийликте турганда мүмкүнчүлүккө жараша жакшылык жасабаган, ичине таруу айланбаган бир көрпенде тура!
Эми жаңы бийлик деле эски катачылыктарды оңдоого алып, Самат Курманкуловго каралашып койсо не? Дарыланууга Москвага жөнөтүп, ден соолугуна кам көрүшсө, кайрадан катарга келип, кызматын эл үчүн аркаламак да, туурабы?
"Азия Ньюс" гезити