Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ашмалтай бийлик эсине келеби, же оңкосунан сайылабы?

Ашмалтай бийлик эсине келеби, же оңкосунан сайылабы?

03-декабрь, 20:18
1 113 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы бийликтин жаш фавориттеринин бири Дастан Дүйшөкеев. Ал медиа тармагында бир күн иштебей туруп премьер-министрдин басма сөз катчысы болгон. Саясаттан кабары жок, же жазганды, же сүйлөгөндү билбеген немени “эми үйрөнүп кетээр” деп туура эле көргөнбүз. Д.Дүйшөкеев  пресс-кызматтын ишин үйрөнгөнчө, эки жагын каранганча эле президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. АКИpress маалымат агенттигиндеги маалыматка караганда, бул жигит чет мамлекеттеги элчиликти мындай кой, тышкы иштер министрлигинде кызматкер болуп бир күн да иштеген эмес. “Мегакомдо”, коомдук тамактануу тармагында, курулуш секторунда иштеп, кийин мугалим болуп жүргөн неме экен. Андан кийин Бактыбек Калмаматовго “оксфорд” болгон Жогорку Кеңеште депутатка жардамчы болуп иштептир. Дипломатияда сары ооз балапан бул жигит анан президенттин тышкы саясатын кантип жүргүзөт? “Боёкчуну боёкчу десе атасынын сакалын кошо боёптур” дегендей кылып, жогорку кызматка  дайындайт десе эле дайындай беришеби? Лаборантын премьер-министр кылган А.Акаевдин, агрономду нефтебазага койгон К.Бакиевдин, шопурун төбөсүнө чыгарып алган А.Атамбаевдин кейиштүү тагдыры сабак болгон жокпу? Тааныш-билишти, туугандарды деле мыйзамга тууралап, билимине, тажрыйбасына, кесипкөйлүлгүнө карап дайындашса боло бу доюрлар... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер