Жеңижоктон жеңилген Эсенаман, же тууганчыл Таштаналиевдин көздөгөнү эмне?

Бул макаланы редакцияга Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Бакыт Баймырзаев алып келди. 2024-жылы ноябрда Талас университетинде өткөн эл жазуучусу Элүүбай Отунчиевдин өмүрү, чыгармачылыгына арналган илимий конференция өтүп, анда “Жеңижок” романы тууралуу да кеңири талкуу болгон экен. Аксакал жазуучу Жеңижок менен Эсенамандын айтышынын тегерегинде журналист Болотбек Таштаналиев чуу чыгарып, анысы токтобой жаткандыктан, атайын “Жеңижок жөнүндө жел сөздөр кайдан чыкты?” деген китеп жазыптыр. Ошол китепти окурмандар менен тааныштыруу максатында үзүндү жарыялайбыз.
Эми сөздү кайрадан Жеңижок менен Эсенаманга байланышкан маселелерге буралы. Кийинки он чакты жылдардын ичинде журналист жана акын Болотбек Таштаналиевдин жогорку эки акындын чыгармачылыгына байланыштуу бир нече макалалары жарыяланып, анда “Жеңижок чектен тышкары көкөлөтүлүп, Эсенаман тескерисинче басаңдатылып келатат” деген доолорун айткан. 2024-жылы басмадан “Эсенаман” жана “Үмөталы” деген эки жыйнак жарык көрүп, анда эки акындын эл арасынан чогултулган чыгармалары менен кошо иликтөө макалалары басылган. Бул жыйнактардагы макалалардын көпчүлүгү – авторлору ата-бала таштаналиевдер. Жогоруда жыйнактарда айтылгандай, бул эки автор Эсенамандын аталаш туугандары. Бейшебай Таштаналиев 45 жыл бою кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалим. 1994-жылы жазган макаласында ал өзүнүн 75 жашка чыкканын кабарлаган. Анын уулу Болотбек Таштаналиев журналист, акын. Ушул кезде ал “Кыргыз туусу” гезитинде иштейт.
Болотбек Таштаналиевдин “Эсенаман” деген иликтөө макаласынан: “Окумуштуулардын илимий эмгектеринде бул айтыш (Жеңижок менен Эсенамандын) ушунчалык бурмаланган десеңиз, аларды окугандан кийин Эсенамандын ак таңдай акын болгонуна да ишенбей кетесиң. Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы тууралуу билгени, билбегени деле, каңырыш угуп алганы деле “окубасам да оюмду айтып коёюн” болуп келатышат. Айтышка карата айтылган ой-пикирлердин дээрлик баардыгы субъективдүү жана калпыс. Анын бир гана себеби бар, анткени, окурмандар окуп, угармандарга тартууланып келаткан вариант колдон келишинче бурмаланган жана тарыхый окуядан алда канча алыс.
Айтыштын алгачкы варианттарына салыштырмалуу кийинчерээк эл оозунан жазылып алынгандары саясатташтырылганы аз келгенсип, Жеңижок тарапка жан тарткансып калганы алда нерседен, ким бирөөнүн жеке демилгесинен каңкуулап тургансыйт. (“Эсенаман” 194-бет).
Ш.Үмөталиев өзүнүн жыйнаган материалына соцреализмди мыкты түшүнгөн адабиятчынын көзү менен караган да, Жеңижоктогу диний көз караштардын баарын алып салып, аны диалектик кылып жиберген. Бир сөз менен айтканда, ал тарабынан тапшырылган айтыштын тексти колдон келишинче мезгилге ыңгайлаштырылып жасалган. УИАнын кол жазмалар фондусундагы М.Өмүралиев (Арх. инв.555 (5193) менен А.Токтогуловдун (Арх. инв.634 (5272) кол жазмаларында да Жеңижок бул айтышта диний түшүнүктөргө басым койгонун тастыкташат. (“Эсенаман” 198-бет).
“Эсенаман ошол доордун эң бир көрүнүктүү, теңдешсиз акыны болгон. Эсенаманды эч ким ырдап жеңген эмес”. (“Эсенаман” 203-бет). Бул Б.Таштаналиевдин дооматтарынын чекеси гана.
Биз алгач Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусундагы айрым маалыматтарга көз жүгүртүп көрөлү: Фонддо “Жеңижок менен Эсенамандын айтышынын бир нече варианты бар экен. Аларга төмөндөгүдөй мүнөздөмө берилген: “Фондудагы материалдар менен Ш.Үмөталиев тапшырган материалдарды салыштырып караганда төмөнкүдөй айырмачылыкты байкайбыз. Биринчиден, Ш.Үмөталиев тапшырган “айтыш” көлөмү боюнча биринчи орунга чыгат, б.а. биринчи варианты 14 бет, 561 сап ырды түзөт. Ошондой эле көркөмдүк бөтөнчөлүгү да жогорку деңгээлде. Экинчиден, Жеңижок акын жөнүндө, айтыш өткөн кырдаал жөнүндө кеңири түшүнүк бар. Андагы маалыматтардын фондудагы материалдардын арасынан кездешпейт. Үчүнчүдөн, Эсенаман менен Жеңижоктун айтышын Ш.Үмөталиев ар түрдүү адамдардан жыйнап алып, алардын баардыгын бириктирип, ойдун логикасын жана мазмунун, сюжетин бузбай берүүгө аракет кылган. Натыйжада, көлөмү жана көркөмдүгү жагынан толук кандуу, кайталоолору жок чыгарма түзүлгөн”.
Эми Ш.Үмөталиевдин өз колу менен жазылган маалымат менен таанышыңыз: “Эсенаман Жеңижоктун айтышын ар түрдүү адамдардан жыйнап алып, алардын баардыгын бириктирдим. Ырдагы ойдун логикасын жана мазмунун, сюжетин бузбай берүүгө аракеттендим. 1. “Каракол” колхозунда (Талас району) жашоочу Жанаалы молдодон жазып алгам. Ал кишинин айтуусу боюнча бул айтышты ал Эсенамандын өз уулу Үмөталыдан үйрөнгөн экен. Ошондой эле андан “Балалык” деген узун жана абдан көркөм ырды жазып алган элем. Анда Жанаалы аксакал 71 жашта эле. 2. Сокулук районундагы Карл Маркс (Белогорка) кыштагындагы Кайдылда ырчыдан да жазылган. Мындан башка да айрым адамдардан алынган.
(04.10.69).
Бул маалыматтардан байкалгандай. “Айтыштын” көркөмдүгүнө, мазмунуна, сюжетине, ойдун логикасына кол тийгизилбей динге байланышкан жерлери гана жеңил-желпи өзгөртүлгөн окшойт. Албетте, бул ошол кездеги партиялык идеологияны тузагынан өтүп, жарыяланбай капаста жаткан мурастарды эл энчиси кылуу максатын көздөп иштелген го деп ойлоого болот. Бул жерде 71 жаштагы молдо Жанаалынын “Айтышты” Эсенамандын өзүнүн уулу Үмөталы акындан үйрөнгөндүгүн айтканы “Айтыштын” негизги нугу бузулбагандыгына кепил го дейм. Себеби, Үмөталы акын атасы Эсенаманды кандай билсе, өзүнүн замандаш агалары Жеңижокту, Токтогулду, Эшмамбетти да ошондой билген жана атасы менен Жеңижоктун айтышы жөнүндө толук кабары болгон.
Болот Таштаналиев “Үмөталы” деген жыйнакка басылган “Эсенаман” деген макаласында: “...Кээ бир өзү менен тушташ акындарга караганда Жеңижоктогу диний идеянын “дозасы” азыраак, жокко эсе деген ойлор таптакыр бир беткей” деп так кесе айткан Ш.Үмөталиев эмне үчүн Жеңижоктун Эсенаманга карата ырындагы:
Он сегиз миң ааламды,
Бир жараттың бир Алла,
Эң биринчи дүйнөгө,
Нур жараткан бир Алла.
Суук кыштын булутун,
Сур жараткан бир Алла.
Эмгексизди энчиден
Кур жараткан бир Алла.
Аалам жашап турсун деп,
Күн жараткан бир Алла.
Алмаштырып күн менен,
Түн жараткан бир Алла.
Буруксуган атырдай,
Гүл жараткан бир Алла, -
деген ыр саптарындагы “бир Алла” деген сөз айкашын “Эмеспи” деген сөз менен алмаштырып койгону талашсыз чындык. Муну ал аң-сезимдүү түрдө эле жасаган. Бир караганда, бул бейкүнөө аракетте эч кандай оркойгон ката жоктой көрүнөт. Буга көз жумуп койсок болор эле, бирок ушул бейкүнөө бир сөз ырдын мазмунун түп-тамырынан өзгөртүп, Жеңижокту динчил маанайдагы акындан дүйнө материалисттик өңүттө түшүнгөн, дин менен эч кандай чатагы жок акынга айландырган. Эки акындын айтышын талдаган адабиятчылар да иралды мына ушуга, эки акындын дүйнөгө карата болгон көз карашына басым жасашат да, Эсенаманды тар, уруучул көз караштагы акын катары баалап, ал эми Жеңижокко адам жашоосу, тирилик да тирүүлүк жөнүндө көз карашы терең адам катары баа беришет”. (“Үмөталы” 328-329-беттер).
“Бир Алла” деген сөздү “эмеспи” деген сөзгө алмаштыруу менен ырдын мазмуну таптакыр өзгөрүп кетти (!) деген мааниге кошулууга болбойт. Анткени, терең баамдаган киши “Он сегиз миң ааламды” бир жараткан эмеспи, эң биринчи дүйнөгө нур жараткан эмеспи” дегенди окуганда, албетте, “булардын баарын ким жаратты?” деген суроону коёт да, ар ким өзүнүн алынча ой жүгүртүп, мунун баарын жараткан бир сыйкырдуу күч барын, аны Жараткан дейбизби, жаратылыш дейбизби, айтор, дүйнө бекерден-бекер жаралбаганын сезбей койбойт. Ырдын контекстине көңүл койгондор муну айттырбай эле билет.
Б.Таштаналиев “Эсенаман ошол доордун эң бир көрүнүктүү акыны болгон. Эсенаманды эч ким ырдан жеңген эмес” деген эч кандай далилсиз сөзүнө Эсенамандын өзүнүн уулу Үмөталынын “Акындар” сериясынан 1998-жылы Бишкектеги “Шам” басмасынан басылып чыккан томдуктун 208-бетиндеги “Атасын эскерүү” деген ырын окуп көрөлү:
Атакебиз Эсенди
Жеңген далай кеселди.
Бирок Жеңижоктон жеңилип,
Калганын айтып кетемби?
Араздашпай достошуп,
Калганын айтып өтөмбү?
Өз кезинде Жеңижок,
Барктачу атам көсөлдү.
Бул ырды 2014-жылы чыккан “Үмөталы” деген жыйнакта түзүүчүлөр атайын өзгөртүп, “Бирок Жеңижоктон жеңилип калганын айтып кетемби?” деген саптарын кыскартып, алып салышканын кандай түшүндүрүүгө болот?
Үмөталы акындын Алымкул менен жолугушуусундагы төмөнкү ыр саптары Үмөталынын эки жыйнагында тең өзгөртүлбөптүр:
О, кечээ акын экен Жеңижок,
Айтышууга теңи жок.
Артынан ээрчип сүйрөлдүм,
“Аккан суусун” үйрөндүм.
“Кожожашын” жаттадым,
“Молдожашын” мактадым.
Жаттагандын баарысын
Күлүк аттай таптадым.
Кедейкан менен Байышты
Келтире мактап Жанышты
Даңазалап кеп айттым,
Курманбек найза салышты.
(“Үмөталы” 116-бет).
Мына бул ыр саптарынан Эсенамандын өз уулу Үмөталынын атасы Эсенамандын Жеңижок менен айтышып жеңилип калганына чычалабай, бул акындардын чыгармачылыгында көп кездеше турган көрүнүш экенин, “күч атасын тааныбайт” дегендей ким учурду туура баалап, не бир кысталыш, туюктардан буйдалбай жол таап кете алса мөрөйгө жетерин түшүнгөнүн сезүүгө болот. Ошондуктан Үмөталы Жеңижоктун аркасынан ээрчип, анын таалимин алганын жашырбай ачык айтууда.
“Эсенаман” жыйнагын түзгөндөр: Б.Таштаналиев, М.Токторов, А.Керимбеков бул жыйнакка: “Адабиятчы Ш.Үмөталиев топтоштурган вариант Жеңижоктун китептерине байма-бай чыгып келаткандыктан, ал вариант Эсенамандын китебине кирген жок. Биз бул китепке айтыштын окурмандарга тааныш эмес үч вариантын эч өзгөртүүсүз жана алымча-кошумчасыз, ошол турушунда сунуштадык” дептир.
Айтыштын бул жыйнакка жарыяланган I вариантын Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынын тургуну, кыргыз тили жана адабият мугалими Бейшебай Таштаналиев эл оозунан жазып алыптыр. Бирок аны кимдерден жана качан жазып алгандыгы көрсөтүлбөптүр. Бейшебай Таштаналиев Эсенамандын аталаш тууганы болгондуктанбы, айтор, өз тууганына жан тартып, атайылап көп оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизгени байкалат. Ал айтыш кандай кырдаалда өткөнүнө айрыкча токтолуп, айрыкча майдаланып, бир жактуу түшүндүрмөлөрдү берген. Бул вариантта Эсенамандын ыры 819 сапты, Жеңижоктуку 426 сапты түзгөн. Мындайча айтканда, Эсенаман Жеңижокко караганда эки эсе көп “ырдаган”.
Жеңижок менен Эсенамандын айтышы кыргыз элдик оозеки адабиятындагы эң жогорку деңгээлдеги көркөм жана курч айтыштын классикалык үлгүсү катары таанылып келсе, Болот Таштаналиев тарабынан “жазылып алынды” деген текст эпсиз узартылып, көркөмдүгү кемип, уйкаштыктары аксап, курч жерлери алынып салынганы байкалат.
“Эсенаман” жыйнагына жарыяланган II вариант Кичи-Кеминдеги Бейшеке айылында жашаган, 1933-жылы туулган Маамытбек Өмүралиевден (билими 7-класс, уруусу сарбагыш. Сарбагыш ичинен Өзүк. Колхоздо жыгач уста болуп иштейт) жазылып алынган. Ал Калык Акиевдин жана башка акындардан үйрөнгөнүн айткан. Бул вариант боюнча Эсенамандын ыры 195 сап, Жеңижоктуку 124 сап.
III вариант Токтогулов Аманбектен (Талас району, “Комунизм” колхозу, Үч-Эмчек айылы. Тегерек орто мектеби, 62 жашта, кушчу уруусунан. Эл агартуунун отличниги).
Бул III вариант боюнча Эсенамандын ыры 90 сап, Жеңижоктуку 152 сап.
Мына өзүңүздөр байкагандай, II жана III варианттар өтө кыска, толук эмес. Ошондой болсо да буларда I варианттагыдай “кошумчалар” байкалбайт. Ошондуктан, биз ушул кийинки эки вариантка токтолуп көрөлү.
Ушул макаланы жазуу убагында көп китептерге, макалаларга ой жүгүртүп, талдоо жүргүзүп отуруп, эң биринчи кезекте Жеңижок менен Эсенамандын айтышы кайсы жылы өткөнүн билүү маанилүү экендигин, эгер ал такталса калган маселелер тезирээк чечилээрин байкап, айтыш Жеңижок 17 жашка, Эсенаман 55 жашка чыккан кезде, 1877-жылы болгон деген ойго келген элем. Анан акырындап, макаламды аяктоого жакындап, “Эсенаман” жыйнагындагы ушул эки варианттын Маамытбек Өмүралиевдин түшүндүрмөсүнөн: “Бул сөздү аңгыча болбой Бугудан келген Эсенаман менен Майкөт угуп калат. Майкөт 54 жаштагы кези экен дейт”. (”Эсенаман” 203-бет).
Муну көрөрүм менен Майкөт акындын качан туулганын издеп, аны Казак Совет энциклопедиясынын 7-томунун 380-бетинен таптым. Анда “Майкөт (1824-жылдар чамасы туулган. Өлгөн жылы белгисиз). Казак акыны. Азыркы Жамбыл, Кара-Тоо үңүрүндө туулуп-өскөн...” деп жазыптыр. Демек, чынында да Майкөт казак энциклопедиясында болжолдонгондой 1824-эмес, 1823-жылы десек туура болчудай. Бул жерде Жеңижок менен Эсенамандын айтышын өз көзү менен көргөн жана уккан кишиден алынган так кабар айтылып жатат. Тойго Эсенаман менен кошулуп келген Майкөт акын отурган элге өзү жөнүндө сөз болгондо канча жашка келгенин сөз арасында айткан болуу керек.
Анан да Мамбет Өмүралиев “...аңгыча болбой Бугудан келген Эсенаман менен Майкөт” деп ал экөөнүн Таласка кайсы тараптан келгенин кабарлап жатат. Буга караганда, Эсенаман ал кезде Таласта эмес, Ысык-Көл тарапта жашап турушу да мүмкүн. Ошондо анын кызы Ырыскүл 9 жашар кези экен.
Өзүн Эсенаман таануучу катары эсептеген Болотбек Таштаналиев көп жылдардан бери Эсенаманга жана Жеңижокко байланыштуу макалаларын “Кыргыз руху” жана “Кыргыз туусу” сыяктуу өзү кызмат кылган гезиттерде сандан-санга бастырып, кийин алардын баарын “Эсенаман” жана “Үмөталы” жыйнактарына киргизиптир. Эми ал макалалардын айрымдарына кайрылып көрөлү. “Эсенаман” жыйнагына киргизилген “Терең дарыянын акканы билинбейт” деген макаласында ал мындай деп жазат: “Тазаланып жуунган, даараты болом молдонун”, “чигити болом гозонун”, “шишеси болом арактын” деген ыр саптары Эсенамандын ырынын текстине кандайча кошулуп кеткенин түшүндүрүү кыйын. Намазга жыгылып, ислам дининин ашкере жактоочусу болбогон акын “даараты болом молдонун” деп ырдаганы таптакыр эле ишеним туудурбайт. Пахта эгип, дыйканчылык кылбаса, же бери дегенде түштүктөн болбосо “чигити болом гозонун” деген ыр саптарын кайдан тапты болду экен? Анысы ал, “шишеси болом арактын” деген ыр саптарын айтышка алкаш бирөө эле киргизбесе, нарк кармаган Эсенаман эч убакта аракты оозанып ырдамак эмес”. (“Эсенаман” 217-218-беттер).
Болотбек Таштаналиев бул жерде эмнегедир Эсенамандын “Угуту болом бозонун”, “Торусу болом жылкынын”, “Торгою болом ырчынын”, “Мөмөсү болом дарактын”, “Таманы болом жоргонун”, “Күлүгү болом жылкынын”, “Булбулу болом ырчынын” деген саптарга көңүл бурбаптыр. Анын оюнча бул саптарды кимдир бирөөлөр атайылап кошуп койгон. Анда “Эсенаман” жыйнагын түзгөндөрдүн (анын арасында Б.Таштаналиевдин өзү да бар) “Биз бул китепке айтыштын окурмандарга тааныш эмес үч вариантын эч өзгөртүүсүз жана алымча-кошумчасыз, ошол турушунда сунуштадык” дегенин кантебиз?!
Менимче, жогорудагы элестүү салыштыруулар Эсенамандын мурдатан эле ырдап, өзүнө жат болуп калган “даяр саптары” деп ойлойм. Аны жаш Жеңижок дароо илип алып:
Торусу болсоң жылкынын,
Токмоктоп тойго минбейби.
Торгою болсоң ырчынын,
Тоо жагалмай илбейби, - деп Эсенамандын ар бир сабын тескери айландырып, айтыштагы өнөгүнүн кемчил жерлерин күлкүгө айландырып, үстөмдүк кылып кеткени кимге да болсо түшүнүктүү эмеспи. “Болотбек Таштаналиев пахта эгип, дыйканчылык кылбаса, же бери дегенде түштүктөн болбосо, “чигити болом гозонун” деген саптарды кайдан тапты экен?” деп бүшүркөйт.
“Эсенаман” жыйнагындагы Бейшебай Таштаналиев жазып алган деген I вариантта:
Алайкуу, Алай, Баткендин
Аймагында болгомун.
Коно жатып көргөмүн
Көк-Арт, Жазы аймагын.
Кымыздай чайкап ичкемин,
Орошон Оштун чайларын.
(“Эсенаман” 58-бет).
Болотбек Таштаналиев “Үмөталы” деген жыйнакка кирген “Эсенаман” деген макаласында: “Эсенамандын ырчылык жолу ошентип башталат. Үй-жайды унутуп, бул жактан Чүй, Көл, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Ат-Башыны аралап, андан ары Кашкар, Үрүмчүгө чейин барып, түштүктү түрө кыдырып, Алай, Алайкуу, Кадамжай, Лейлек, Үч-Коргон, Өзгөн, Сузак, Ноокен, Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Кетмен-Төбөнүн элин аралап, казактын үч жүзүндө тең болуп, кыргыз менен казакка бирдей алынган, эки тилде тил сабап бирдей ырдаган ырчы болот”. (“Үмөталы” 324-бет).
Мына, кыргыз, кытай, казактын баардык жерлерин кыдырып жүргөндө Эсенаман пахта эккенди, гозосу кайсы, чигити кайсы экенин көрбөй, билбей көзүн жумуп, кулагын бекитип жүргөн эмес да!..
“Биз айтыштан Жеңижокту, же Аксы элин кордогон эч кандай ыр саптарын учураткан жокпуз. Болгону Эсенаман Жеңижокту эл-жериңе келбейсиңби (?) деп, эл-жерине чакырып, Аксынын элине эмес, бий-болуштарына мүнөздөмө берип кетет. Болгону ошо”. (“Эсенаман” 218-бет).
Аркадан Талас бай болот,
Жегени куйрук май болот.
Үстүнө көбү кийгени,
Нооту, кымкап, шайы болот
Алтының ашып нарк болот.
Ат мингизип чыгармак
Бизде абалтан берки салт болот.
Насили кедей аксылык,
Ичкени куру чай болот.
Аксылыкты билемин,
Алабарман эл болот.
Баарысын байкап көргөмүн,
Марттыгы бизден кем болот.
Айылга келип ырдасаң
Алеки чапан кийгизет.
Адеген жерде биздин эл
Аргымак тандап мингизет.
Алар жети күнү ырдасаң
Желеки чапан кийгизет,
Жеткен жерде биздин эл,
Жээрдени тандап мингизет.
Жангарачтын Осмонбек,
Жакырыраак жакшы дейт.
Ажынын уулу Сулайман,
Алабарман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт.
Антсе дагы башкарып,
Аксынын ичин билди дейт.
Алибектин беш торпок
Айылдагы ашка орток.
(64-65-беттер).
Эсенамандын бул саптары Аксы элин, анын башчыларын кордоо, шылдыңдоо эмегенде мактообу? Ошондуктан Жеңижок:
Жангарачтын Осмонбек,
Жакшы султан болгон бек.
Ой багып, акыл имерип,
Орду-ордуна койгон бек.
Буга Ташкендин беги кол берген,
Талашы жок жол берген
Кокондун ханы кол берген
Кокую жок жол берген.
Ажынын уулу Сулайман
Даткам ушу болучу.
Акыл менен кеңешти
Тапкан ушул болучу.
Башым ооруйт дегенде
Садаганы торпоктон
Чапкан ушу болучу.
Ушуну алабарман бакшы деп,
Айныптырсың Эсеке.
Акыл жактан жетишпей
Калыптырсың Эсеке!
Бир мүнөзүн карматса
Бой бербеген жинди деп,
Антсе дагы башкарып
Аксынын ичин билди деп.
Жинди адам элди бийлейби?
Акынсынган Эсекем
Адеби менен жүрбөйбү?
Торпокко теңеп кайдагы,
Топуксуз кепти айтабы?
Букага теңеп кайдагы,
Бузуку кепти айтабы?
Алибектин беш берген
Аңдыган душман жетпеген
Периштеси башында
Бешөө беш дубанды беттеген
Бешөөн бир күн айтсам да
Мен бүтүрө албайм кеп менен.
(“Эсенаман” 80-81-беттер).
Айтышта Эсенаман өзүнүн акындык күчүнө, жашынын улуулугуна көп ишенип, Жеңижокту баласынтып, элес албаганы төмөнкү саптардан байкалат:
Ар ким алат турбайбы
Кырмандан барып кепсенди.
Айтышсам деп кокустан,
Мендей атаңа болбо тепсенди.
Алың болсо сүйлөчү
Бүгүн айтышууга кез келди.
Мына күрпөң-күрпөң жүгүргөн
Балам, күүлөнүп беш бүгүлгөн
Күлүгүң келди жол бергин
Күлүк Майкөт пириңе
Күнөөлүү болбой кол бергин.
Эңиштен эңиш жүгүргөн
Эңкейип бели бүгүлгөн
Мендей Эсекең келди жол бергин
Ээ, балам, мен торусу болом жылкынын
Торгою болом ырчынын
Толгон сендей жаштарды
Токтотпой тойдон куучумун...
Айтышам деп кокустан
Биздей атаңа шылдың болбогун,
Ээ, балам, эми карысам дагы сүйлөйүн.
Каздай үнүм каркылдап
Жоргодой жолго салганда
Жок эле менде тартынмак,
Кыргыз, казак сендейден
Кыйласын жыккам алкымдап.
Кызыганда кызыл тил
Кете берет былкылдап.
Уялбайсың кысталак
Өз агаңдын тоюнда
Бүгүн жарчы болуп салпылдап.
(“Эсенаман” 93-94-беттер).
Эсенаман Жеңижокту теңине албай, Майкөт пириң болот. Экөөбүзгө айтышпай туруп жол бергин, болбосо абийириңди кетирип, тойдон кууп чыгам (!) деп опузалап жатат.
Жеңижок өзүнүн атасындай болгон Эсенамандын минтип каптап ырдап жаткан убагында кандай абалда болгонун, ичинен “абийир бере көр” деп Аллага жалынып-жалбарынганын айтыштан кийин Арстанбек акынга жолукканда ачык айтып бергенин дагы бир жолу окуп көрөлү:
Эсенаман карыя,
Атагы элге жарыя.
Алдыман тосту ыр баштап.
Сары-Өзөндү сагалап.
Жангарачты пааналап.
Жакшылар менен жанашып,
Ырчылык жолун талашып,
Казак, кыргыз аралап.
Атагы арткан кексе чал
Алдымдан кыйын тороду.
Мени элсиз деп айтып эңшерди,
Калксыз деп айтып каңтарды.
Тексиз деп айтып теңселтти.
Көпкө ойлонуп буйдалдым
Ич отумду билгизбей,
Бутумду сунуп суйсалдым.
Алла Таала кудурет,
Абийир бер деп жалындым.
Табият берген тартуулап
Өнөрүнө багындым.
Барбардигер кудурет,
Паана болуп өзүмө,
Эсенаман ырчыны
Эңшерип тойдо жеңгемин,
Кадимин колго бергемин.
(“Арстанбек” 180-бет).
Мына, айтышта ким, эмне үчүн үстөмдүк кылып мөрөй алганы жалпы элге дайын болуп турса да Б.Таштаналиев “Терең дарыянын акканы билинбейт” деген макаласынын “Эсенаман” жыйнагынын 20-бетинде “Жеңижок теңдешсиз акын. Мында эч талаш жок” деп мойнуна алат да, ошол эле макаланын “Эсенаман” жыйнагындагы 203-бетинде “...Эсенаман ошол доордун эң бир көрүнүктүү, теңдешсиз акыны болгон. Эсенаманды эч ким ырдан жеңген эмес” дейт.
Филология илимдеринин кандидаты Батма Кебекованын “Эсенаман” жыйнагына киргизилген “Эсенаман” деген иликтөө макаласындагы: “Айтыштым эле дебестен, Жеңижок Эсенаманды өтө урматтачу экен, өлгөнүн укканда катуу кайгырып, чын көңүлдөн жоктойт. Эсенаман да айтышта жеңилгендигине карабастан, Жеңижоктун ырчылык кудуретин, чеберчилигин жогору баалайт. Буга Чүйгө барганда ал жөнүндө ырдаган төмөнкү ыры ачык мисал:
Каардуу Жеңижок,
Кармашарга теңи жок.
Жеңижок сөз баштаса,
Башканын айтар кеби жок.
Найза алышып чыкканда
Жеңижоктон эри жок. (инв.№724).
Эсенаман – өз доорунун акыны. Ошондуктан анын чыгармачылыгы ашыра макталбай же кемитилбей өз баасын алганы абзел. (“Эсенаман” 173-бет).
Кыргыз эл акындарынын чыгармачылыгын эң көп изилдеген көрүнүктүү окумуштуунун бул калыс пикирине кошулбай коюга болбойт.
Ошол эле Батма Кебекова: “Чындыгында да Эсенамандын чоң талант менен ары жүйөлүү, ары далилдүү ырдаган ырына Жеңижоктун кайтарган жообу караңгы туңгуюктан шоола издеп, жалгыз аяк жол менен жарыкка чыгып кеткен кыраан мергенди элестететип, сөз чеберчилиги, ой сезиминин ыкчамдыгы, логикасынын күчтүүлүгү таңкалтырбай койбойт. Чындыгында да жогоркудай күчтүү ырдалган ырга жооп берүү Жеңижоктой чоң акындын гана колунан келмекчи” дейт.
Элүүбай Отунчиев, Кыргыз эл жазуучусу
"Азия Ньюс" гезити