Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан ПРИМОВ, ЖК депутаты: «Кыз ала качуу кыргыздын канына сиңип калган менталитет»

Улан ПРИМОВ, ЖК депутаты: «Кыз ала качуу кыргыздын канына сиңип калган менталитет»

14-октябрь, 16:40
538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишкер, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен жергесине барып, чек арачыларга эки унаа белек кылды. Брондолгон, ар бири 70 миң долларлык «Шевролет-Субурман» үлгүсүндөгү унааларды тапшырып жатып, ал кез-кези менен чек арада кооптуу жагдайлар түзүлүп жаткандыгын, ошого карабай мекен алдында жооптуу ишин аркалап жатышкандыгын белгилеген. Чек арачылар бул белекке чексиз кубанып, ыраазычылык билдирип жаткан тушта ИИМ милицияга эч кандай унаалар белекке берилбегенин айтып чыкты. Маалыматта, болгону Э.Мамбеталиев аттуу жаранга тийешелүү эки унаа токтотулганы, учурда ал унаалар текшерилип жатканы айтылат. Соцтармактарда бул маалымат талкуу жаратты. Айрымдар унаалар Атамбаев тараптан шайлоо алдындагы аракеттер катары берилгенин боолголошууда. Белгилей кетсек, Эркин Мамбеталиев 2000-жылдары Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон. 2008-жылы Жогорку сот анын үч адамдын өлүмүнө катышы бар (!) деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин түрмөдөн чыккан. Азыркы тапта коомчулукка аралашып жүрөт. Депутат Улан Примов “убагында кылмыш иши козголуп, камалып чыккан адамдын милицияга унаа белек кылышы канчалык туура экенин ИИМ өзү чечсин” дейт. Депутаттан коомдогу акыркы жаңылыктар тууралуу да кыскача пикирин алдык. 

-- Улан мырза, Эркин Мамбеталиевдин Баткен чек арачыларына эки унаа белекке бергени тууралуу оюңуз кандай?

-- Албетте, мындай учурда коомдук пикир эки ача бөлүнөрү белгилүү. Бир жаат аны “патриот экен, жардам иретинде унаа берди” дешсе, ошол эле учурда экинчи тарап “убагында кылмыш иши козголуп, камалып чыккан адамдын эми укук коргоо органына белек берип атканы туурабы?” деп суроо коюшууда. Мунун канчалык туура же туура эмесин ИИМ өзү чечсинчи. Мен унчукпай эле турайын. 

-- Кыз ала качуу боюнча көрүнүш кайра кайталанды. Бурулайдын тагдыры сабак болгондой, балким катаал чара киргизүү керектир?..

-- Кыз ала качууну токтотуу боюнча былтыр мыйзам кабыл алынган. Ага ата-энесинин, нике кыйган молдонун жоопкерчилиги боюнча беренелер камтылган. Мыйзам кабыл алынгандан бери кыз ала качуу дээрлик азайган эле. Эми бул нерсе кыргыздын канына сиңген менталитет болуп калыптыр. Тез эле жоюп салуу да мүмкүн эмес экен. Ошентсе да, мыйзамдын аткарылышын күчөтүүбүз зарыл. Таластагы окуя өкүндүрдү. Бирок, ал фактынын катталагыны азырынча беймаалым. Анткени, милицияга арыз түшпөптүр, алар окуяны, анын курмандыгы болгон кызды да издеп жатыптыр. Эгер факты далилденсе, аны кыргызчылыкка салбай, артынан укук коргоо органдары менен акыйкатчы институту биргеликте түшүп, жазага тартуу иштерин алып барышы керек. Дегеле, бара-бара кыргызда кыз ала качуу деген прецедент такыр болбошу абзел. Коом, эл арасында түшүндүрүү иштери дагы жүрүшү керек деп эсептейм.

-- Батукаевге байланыштуу иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Алгачкы отурум 11-октябрга белгиленди. Бул иш боюнча да айып тагылып, камакта жаткан Атамбаев айыпты толугу менен четке кагып жатат. Сот чечими кандай болушу мүмкүн?

-- Сот иштери эми гана башталганы жатат. Атамбаевдин айыбы бар-жогун соттун акыркы чечими гана аныктайт. Соттон мурун озунуп, адамды “ал ишке катыштыгы бар” дегенге эч кимге укук берилген эмес. Күтө туралы. 


Динар ТУРДУГУЛОВА, 

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер