Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өнүккөн рынок экономикасын түзүү үчүн мамлекеттик мүлктөр жеке менчикке өтөт”

“Өнүккөн рынок экономикасын түзүү үчүн мамлекеттик мүлктөр жеке менчикке өтөт”

20-май, 03:56
1 518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын мамлекеттик менчикти башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Нуржанат Жусупова менен маектештик.

-- Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын жеке менчикке өткөрүүнүн максаты эмнеде?

-- Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо жана экономикалык өнүгүүнүн беш негизги багыттары менен белгилениши министрлер кабинети тарабынан пландаштырылган. Анда экономикадагы мамлекеттин катышуусун кыскартуу боюнча иш-чараларды башка милдеттер менен бир алып кетүү зарылчылыгы жөнүндө маалымат берилип, анын максаты өнүккөн рынок экономикасын түзүү. Экономикага болгон мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу менен катар жеке менчиктигине кол тийбестиги, инвестицияларды коргоо, өнүккөн атаандаштык жана өлкөнүн эл аралык соодага интеграциялануусу экономикалык өнүгүүнүн зарыл болгон шарттарынан болуп саналат. Ошондуктан экономиканын мамлекеттик секторун, анын ичинде стратегиялык эмес мамлекеттик активдерди менчиктештирүүнүн эсебинен оптималдаштыруу каралып, рынокту кайра жөнгө салуучу чара жана активдерди натыйжалуу менчик ээсине же башкаруучуга өткөрүп берүүгө тийиш. 

-- Эми мунун негизинде кандай чаралар көрүлөт?

-- Мамлекеттик ишканаларга карата:

-- натыйжасыз стратегиялык эмес ишканаларды жоюу же менчиктештирүү;

-- республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик ишканаларды мекемелерге өзгөртүп түзүү; 

-- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн ишканаларды өз алдынча башкаруу органдарга өткөрүп берүү; 

-- калгандарын ирилештирүү жана акционерлик коомго өзгөртүп түзүү. 

Мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор жана жоопкерчилиги чектелген коомдорго карата: 

-- атаандаштык чөйрөдө иш алып барган акциялардын мамлекеттик пакети бар жана мамлекеттик үлүшү бар стратегиялык эмес компанияларда менчиктештирүү.

Калгандарына карата:

-- баардык мамлекеттик пакеттерди жана мамлекеттик үлүштөрдү бир катар мамлекеттик холдингдерге (башкаруучу компанияларга) өткөрүп берүү. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жоюу. Төмөнкүдөй мамлекеттик холдингдер иштейт:

Энергохолдинг (ТЭК). Тоо кен казуу. Улуттук башкаруучу компания (финансы сектору, транспорткоммуникация ж.б).

Холдингдин алкагында:

-- операциялык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү;

-- конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу (коммерциялык жана коммерциялык эмес) көрсөткүчтөргө багытталган көз карандысыз директорлорду тартуу менен менеджерлердин сый акы жана жоопкерчилиги системасын киргизүү;

-- отчеттуулукка, үзгүлтүксүз аудит жүргүзүүгө, финансы-чарбалык иш-аракеттин отчетторунун ачыкка чыгарылышына карата талаптарды күчөтүү;

-- кайра инвестициялоо.

Акцияларды ачык жайгаштыруу. Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн:

-- мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмин, инвестициялык ижараны, биргелешип кызматташуу жөнүндө келишимдерди пайдалануу жана жеке сектордун ресурстары менен потенциалын пайдалануунун башка формаларын колдонуу.

-- Мамлекеттин менчигиндеги кызмат көрсөткөн объектилер кандай болот?

-- Мында белгилей кетчү нерсе, менчиктештирүү маселелери мамлекеттин менчигинде турган, тикелей мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөткөн социалдык объектилерге карата каралбайт. Бул объекттер министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болот. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер