Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Бекботоев: “Мигранттардын курч көйгөйүн ким чечет?”

Темирлан Бекботоев: “Мигранттардын курч көйгөйүн ким чечет?”

03-июль, 14:32
669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Жаңы жүздөр" коомдук бирикмесинин төрагасы менен маек.

-- Азыр кызыктай абал түзүлдү. Бир топ мекендештерибиз өлкөгө келе албай саргарып жатса, “кайра кетебиз” деп кетүүнүн жолун издеп башташты го?

-- Мурда мигрант болуп көйгөйлөрдү жакындан билгендиктен, алардын иштери менен алпурушуп, иш алып барып жүрөбүз. Азыр бир кызыктай оор акыбалга дуушар болдук. Орусиядан кайтып келе албай кезек күтүп саргаргандар андан көп. Бул жактагы жашоону, абалды түшүнүп, “кайра кетебиз” деп кете албагандар андан арбыды. Эл абдан кыйналды. Азыркы учурда кете албай жаткандарды көрүп жатам. Бирок келе албай жаткандар ага салыштырмалуу абдан көп. 

Кете албагандарга өкмөт дагы, башка бирөө дагы жардам берип кол суна албайт. Себеп дегенде, чек аралар жабык. Алардын көбү болбоду дегенде 30 миң рублдан алып, үнөмдөп, үйүндөгүлөрүн дагы багып көнүп калышкан. Кыргызстанга келгенде эле жалаң чыгымдар, жумушсуздук көңүлдөрүн чөктүрүп, “кетебиз” деп чыгышууда. Бирок Казакстандан өткөн менен Орусияга кире алышпайт. Айтор, мигранттардын көйгөйү курч бойдон калууда...

-- Келе албай жаткандарда кандай көйгөйлөр бар?

-- Келе албай жаткандар үчүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек. Мага жеткен маалыматта учурда 10 миңден ашык кыргыздар келе албай кезекте турат. Апрель, май, июнь айы өттү. Бул үч ай аралыгында көп болсо 2 миңге жакыны келди. Дагы он миңдей кыргыз чогулуп кезекте. Алардын  айрымдары “кол ийрисине тартып, диаспоралардагы тааныш-билиштери менен тез келип алды” деген нааразылыктар жок эмес. Үч ай мурун арыз жазып, кезек күтүп, аракет кылып келе албай жаткандар да бар. Менин жеке тааныштарым, туугандар, достор мурдагы миграциялык кеңештерди берип жүргөн адам катары тааныгандар ар кандай суроолорду жөнөтүшүп жатат. "Башаламандык орун алган учурлар көп. Биз үч айлап зарыгып күткөнүбүз менен тааныш-билиш салып эле оңой кеткендер көбөйдү. Диаспора, элчиликтерди ким көзөмөлдөйт?" деп күйүп-бышкандар, жардам сурагандар көп. Андыктан, бул боюнча сөзсүз комиссия түүлүп иш алып барышы керек. Андан тышкары дагы тышкы иштер министрлиги колго алып, жумасына бир эле чартердик рейс эмес, жок дегенде эки чартердик рейс уюштуруп, ушул маселени колго алуусу зарыл болуп турат.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер