Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кумтөрдө” ушунча жыл аралыгында 66 киши каза таап, 129 адам майып болгон

“Кумтөрдө” ушунча жыл аралыгында 66 киши каза таап, 129 адам майып болгон

26-декабрь, 18:01
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-декабрда “Кумтөрдө” жоголгон эки  кызматкердин унаасын куткаруучулар табышты. 

Табылган унаа экиге бөлүнүп калган, анын ичинде эчким болгон эмес.

Учурда издөө иштери улантылууда, аталаган жайда 95 киши жана 57 даана техника иштеп жатат.

Ал эми “Кумтөр” тууралууЖогорку Кеңештин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков белгилүү ММКга өз пикирин билдирген. К.Исабековдун айтымында “Кумтөрдүн” тарыхында 66 адам каза болуп, бирок бир да жолу бул ишканага карата кылмыш иши козголгон эмес.

Ал: “Кумтөрдүн” тарыхында 66 адам каза болгон, 129 адам майып болуп калды. Башкасын айтпаганда, аларга чеке жылытаарлык эч кандай компенсация да төлөнгөн жок. Бүгүнкү күндө да мага кайрылгандар бар, соттон кандай чечсек болот деп. Биз эмне, бузулган экология жана майыптар менен калып калгыдай чымын же мал экенбизби. Мисалы, жөнөкөй ишканада бирөөгө чыгым болсо баары артынан түшүп, жапканга чейин барат. А бул “Кумтөргө” баары боло берет экенби? Мурун биздин механикти карьердин бир жак бети кулап кетип басып калган, аны жада калса издешкен да эмес. Ошол жерде ондогон тонна алтындар калды. Булар үстү жагын эле алып атышат да. Жанагы “Кумтөр 2″ дегенге чоң, атайы техникаларды алып келиш керек болчу, алар кымбат турат. Анан ал кишилерди окутуп, уйрөтүп аларды иштетиш керек болчу. Биз экспедицияга барганда көргөнбүз, түз эле жерден бир нече метр терең жерге киргенин, эч кандай жардырбай эле”, – деди Исабеков.

Эскерте кетсек 1-декабрь күнү таңга маал “Кумтөрдөр” кырсык катталган. Анда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевди таппай калышкан. 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер