Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров Малайзиядан кыргыз элине кайрылуу жолдоду

Азимбек Бекназаров Малайзиядан кыргыз элине кайрылуу жолдоду

17-март, 11:49
1 478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн 17-мартта Аксы окуясынын болуп өткөнүнө 18 жыл толуп отурат. Аксы окуясынын күнүнө карата Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров кыргыз элине жана аксылык туугандарына кайрылуу жолдоду.

 “Урматтуу мекендештер!

17-март – эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган кара күн. 18 жыл ичинде 17-мартта Аксы окуясы ар кандай шарттарда, максаттарда, оппозиция, бийлик, укук коргоочулар, аксылыктар тарабынан ар кандай деңгээлдерде эскерилип келет. Мындан 4-5 жыл мурун ошол кездеги президент А.Атамбаев 17-мартта бир ачуу чындыкты моюнга алып: “Эгерде Аксы окуясы болбогондо, аксылыктар болбосо, 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель ыңкылаптары болбойт эле. Баары Аксыдан башталган...» деп абдан таасын белгилеген. Ооба, туугандарым, президенттик үй-бүлөлүк башкарууга күрөштү Аксыдан сиздер баштагансыздар! Оболу сиздер кыргыз жеринин бүтүндүгү бузулуп жатканын Жогорку Кеңеште көтөрүп, мыйзамсыз камакта жаткан өз депутатыңарды болгону үй камагына чыгарып коюуну бийликтен суранып, чогулуш, митинг өткөрүп, кол топтоп, ачкачылыкта турдуңар. Силерди жана өз кесиптешин  колдоп Жогорку Кеңештеги аттын кашкасындай белгилүү жоон топ депутаттар чыгышты. Ондогон укук коргоочулар, журналисттер, мекенчил инсандар ачкачылык акциясында жатышты. Шерали Назаркулов ачкачылыкта курман болду... Аксылыктардын үнү бүт дүйнөгө угулду. Бир гана Акүйдүн 7-кабатына жетпеди... 2002-жылдын 17-мартында Кербенди көздөй тынч акцияда туруу үчүн бараткан элди Боспиектин тушунда автомат менен токтотуп, ок чыгарышты. Алты азамат окко учуп, ондогон эр-азаматтар оор жаракат алышты. Аксы жергеси ыйга толду, эл кайгыда кан жутуп турду. Бирок, аксылыктар сынган жок, кайра чыйралды.  

Урматтуу аксылык туугандарым! Сиздер үй-бүлөлүк башкарууну сындыруунун заманбап жолун таап, башка элге үлгү болуп, тарыхтын, мамлекеттик саясаттын нугун чукул буруп, тарых жараткан эл болдуңар!

Мен Аксы окуясында шейит болгон алты азаматтын ата-энелерине, жесирлерине, уул-кыздарына эч нерсе менен орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам! 17-март менин жүрөгүмдө да түбөлүк айыкпас дарт катары жандүйнөмдү кыйнап жашап келет. Аксы окуясындай кара күн кыргыз жеринде, элинде экинчи кайталанбасын. Жерибиздин бүтүндүгү бузулбай, элибиз ырыс-ынтымакта, бакубат турмушта жашасын! Бийлик ээлери мурдагы жолунан кайтып, Кудай аларга ыйман берсин!

Көрүшкөнчө сак-саламатта бололу. Мен ар дайым силер мененмин!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер