Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алмаз Бейшеналиев гүленчилер менен билим берүү тармагын талкалайбы?

Министр Алмаз Бейшеналиев гүленчилер менен билим берүү тармагын талкалайбы?

11-апрель, 22:39
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин мыйзамга сыйбаган жоругу жөнүндө жазсак, “карга баласын аппагым дейт” дегендей болуп, гүленчилер ага чаң жугузбай актап-макташты. Бирок адамдын ким экени ушундай кырдаалда сыналат эмеспи. 

Октябрь окуяларынан кийинки кыйын кырдаалда атайын ишеним көрсөтүп, Садыр Жапаров өзү министр кылып дайындап, андан кийинки жаңы өкмөттүн курамына да киргизип, иштесин (!) деп ишеним көрсөтсө, ага карабай министр А.Бейшеналиев “ЮНЕСКОго кетет элем” деп жашыруун арыз жазганы туура эмес болгонун, процедура бузулганын тышкы иштер министрлиги тастыктап берди го! Эгер Алмаз Бейшеналиев оңдой берди болуп, ошол эл аралык уюмга өтүп кетсе, Кыргызстанды “кайдан көрдүм кара эшек” деп эле таштап, артына кылчайбай кете бермек... Гүленчилердин аркасы менен бирде Германияга, бирде Америкага чапкылап көнүп калган эргул ошол адатын карматып, Францияга “зуу” коюп кетүүнү самаган турбайбы. Балким, ал гүленчилердин тапшырмасы менен арыз бергендир, себеби, ошолорго кызмат кылат эмеспи?..

Ал буга чейин жалаң популизм менен алек болуп, билим берүү саясатын оң жүргүзө алган жок. Эми болсо 2030-жылга чейин деп ар кайсы жерден көчүрүлгөн концепциясын сунуш кылып жатат. Сыягы А.Бейшеналиевдин эси-дартынын баары Парижде болуп, министрликтин иши менен деле жакшы тааныша элек окшойт. Болбосо, Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча 40 жылга түзүлгөн концепция иштеп жаткан да. Аны эмне кылды? Жокко чыгардыбы? Эмне үчүн иштеп жаткан концепциядан баш тартып жатканы белгисиз. Эми ушундай ишинин баш-аягы жок популист министрге бир өлкөнүн билим берүү тармагын ишенүүгө болобу? Биз ал жаңы дайындалганда эле “министр Алмаз Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүүсүн аңга түшүрөт” деп жазганбыз. Ошого жакын калды окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер