Мени “жакшы келин” дешет, бирок жашоонун кызыгы кетип баратат...

Сөзүмдү эмнеден баштарымды билбей турам. Жашоонун кызыгы мен үчүн кетип бараткандай болуп атат. Жолдошум бар, айылда кайнене-кайнатам менен чогуу турабыз. Айылдын баары мени “аябай жакшы келин” деп макташат. “Сендей келиндүү болсок” деп көшөгөмө чейин алып тагышат. Кайненемдер дагы төркүнүмө мени мактап турат. Бирок, ушул “жакшы” деген атты алып жүрүш мен үчүн аябай оор. Үйдө кирдин баарын суу ташып, отун жарып алып, суу ысытып колго жууйм, кайын сиңдилеримди киринтем. Кайненем кайда барса кийимдерин даярдап берем. Мугалим болуп иштейм. Ортодон эзилем, кичине кагаз жазып мектепте кармалып калсам, “кечке жумушта жүрөсүң” деген сөз угам. Жумуштан эрте кетип калайын десем, “сабак бүткөндө эле жок болосуң” деп директордон тил угам. Күйөөмдү ээрчип Россияга кетип калайын десем, аталаш кайним “быякка келбей эле коюңузчу, аябай суук, сизге боорум ооруп атат” дейт. Ажырашып кетейин деп, балдарымды ойлойм... Жолдошума экинчи аял алганга уруксат берсемби деп атам. Мага оор эле, бирок тынч жашоодо жашагым келет.
Асел