Акыркы кабарлар
» Коом » Жаңы катталгандардын ичинен 6 адам ооруну каяктан жуктурганы белгисиз
Жаңы катталгандардын ичинен 6 адам ооруну каяктан жуктурганы белгисиз
06-июнь, 16:48
669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌6-июнга карата Кыргызстанда дагы 38 адам коронавирус менен катталганы белгилүү болду. Алардын ичинен 6 адам ооруну кайдан жуктурганы белгисиз.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эртең мененки онлайн маалымат жыйында билдирген маалымат боюнча, жаңы катталган бейтаптардын ичинен үчөө чет өлкөлөрдөн келгендер.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Бишкек шаарында 9 адам;
- Нарын облусунда 3 адам;
- Ош облусунда 2 адам;
- Ош шаарында 11 адам;
- Жалал-Абад облусунда 2 адам;
- Чүй облусунда 10 адам;
- Баткен облусунда 1 адам.