Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Примов, ЖК депутаты: “Бүгүнкү күндө миңге жакын адам мүлктөрүн легалдаштырууга тапшырды”

Улан Примов, ЖК депутаты: “Бүгүнкү күндө миңге жакын адам мүлктөрүн легалдаштырууга тапшырды”

24-февраль, 21:44
297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улан Бердибаевич, өткөн жумада Садыр Жапаров өз мүлктөрүн легалдаштырып, башкаларды да ушуга чакырды. Президентибиздин бул демилгеси канчалык колдоо табат деп ойлойсуз?

-Мен албетте, колдойм. Бул баарына чоң мүмкүнчүлүк берет. Башкалар да учурду пайдаланып, мыйзамды колдонуп, мүлктөрүн легалдаштырып алышса аябай туура болот. 

-Активдерин өз ыктыры менен легалдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынса да эл арасында дагы кандай болот?” деген бир аз чочулоо бар. Эми ал күдүктөнүү жоголоруна ишенсек болобу?

-Биздеги маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө миңге жакын адам мүлктөрүн легалдаштырууга тапшырды деп атышат. Андыктан, мен ойлойм, бул сөзсүз өз натыйжасын берет. Мыйзам иштеп, легалдаштырылган бардык маалыматтар купуя сакталып, мамлекет тарабынан кепилдик берилиши керек. Ошондо биздин жарандарыбыз жапырт туура кадамга барат деген пикирдемин

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер