Акыркы кабарлар
» Коом » Кезек молдолордо. Максат ажы Токтомушев да отставкага кетти
Кезек молдолордо. Максат ажы Токтомушев да отставкага кетти
10-февраль, 12:04

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев отставкага кетти. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.
УКМК 9-февралда муфтияттын башкы бухгалтерин кармап, камакка алды. Ал финансылык мыйзам бузууларды жабуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалган. Муфтият ажыга баруучулар чогулткан акчаны процентке берип иштеткени аныкталган.
Кечээ Максат ажы Токтомушев “АКИpressке” интервью берип, президенттин айланасындагы адамдар аны кызматтан кетирүүгө аракет кылып жатканын айткан эле.