Темирлан Султанбековго кошумча кылмыш иштери козголгону кабарланды

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунун алдында “Социал-демократтардын” лидери Темирлан Султанбековго үч талапкер ири суммадагы акча бергени боюнча ИИМге арыз жазышканы, бул боюнча кошумча кылмыш иштери козголгону кабарланды. Өз ара беттештирүү жасалып, жашыруун камера аркылуу тартылып алынганы, дээрлик маалыматтар чогулганы айтылууда. Ошондо Темирлан Султанбековго “Добуш сатып алуу”, “Ири көлөмдөгү алдамчылык” сыяктуу бир канча кылмыш иштери козголуп, бийлик катуу кастарын тиккени байкалды. Мунун баары эмнеден чыгууда? Түпкүлүгүндө саясый күрөштүн маңызыбы? Ооба, убакыттын өтүшү менен баары талданып, кай тараптан катачылыктар кеткенине баа берилет. Аныгында тергөөнүн, соттун чечиминен да мезгил, тарыхтын тыянагы маанилүү. Азыр Темирлан Султанбеков оор сыноону баштан кечирүүдө. “Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт?” дегендей, жамандыктан кийин да жакшылык, жеңиштер күтүлөрүнөн үмүт үзбөш керек. Эң башкысы, алтын баш аман болсо, баары жайына келет...
"Азия Ньюс" гезити