Акыркы кабарлар
» Саясат » Эдил Байсалов АКШга элчи болобу? Саясаттын ызгаарын сезип калгандай...
Эдил Байсалов АКШга элчи болобу? Саясаттын ызгаарын сезип калгандай...
27-март, 19:14


Вице-премьер-министр Эдил Байсалов АКШга элчи болуп кетүүгө ниеттенип атыптыр. (Саясаттагы ызгаарды алдын ала сезип калган окшойт). Бул боюнча анын досу билдирди. Түпкүлүгүндө туура эле, “аты улук, супарасы курук” кызматында баш оорутуп отурганча, АКШга элчи болуп барса, ал жактагы мигрант мекендештерге пайдасы тийсе керек. Тил, дил билет, дипломат катары да бышып-жетилген.
Эске салсак, Эдил мырза Лондондо Сокенин элчиси болуп туруп, Садыр Жапаровдун командасына оңой эле өтүп, ушул убакка чейин ийгиликтүү иштеп келди. Мындай тажрыйбасын кийинки бийликке да колдонбой жаны жокпу?











