Кыргыздын нарктуу акасакалы Сүйөркул Чокморовдон айрылдык, кош болуңуз!

Сүйөркул Чокморов агабыз кадимки СССРдин эл артисти, КР эл сүрөтчүсү, киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы эле. Өткөн жума күнү сөөгүн жерге бердик. 86 жашында акка моюн сунду. Сүйөркул агам менен кыргыз волейбол оюнунун аркасында таанышып, бир канча жолу баарлашканбыз, кантип бул спорттун түрүнө кызыгып калганын кенен-чонон айтып берер эле.
“1950-жылы мектепте окуп жүргөн кезимде топко аралаштым. Бир тууган агам Бакыя волейбол оюнуна менден эртерээк аралашып, ошол кезде Кыргызстандын курамында ойноп калды. Байкемдин аркасы менен мен, Сүймөнкул иним, Насыйкат карындашым волейболго келдик. 1958-жылы Фрунзеге келип, дене тарбия институтунда окуп калдым. Кыргызстандын курама командасына кошулуп Кытайга бардык. Орус жигиттерден Степанов, Юрий Ножницын, калгандары бүт кыргыз балдар: мен, Асаналы Курманбеков, Тобокел Мамыров, Карлен Токомбаев, Ойрот Тургумбаев, Мухамет Осмоновдор. Дөлөн Өмүрзаков бизди жетектеп барды. Жаштарын уттук, чоңдорунан утулуп калдык, бир аз ичибиз чыкпай, ыза болгонсудук. СКИФ деген командабыз бар болчу. Биз Кыргызстандын биринчилигине катышып, үч жолу катары менен чемпион болгонбуз. Иван Ситников, Володя Анкудинов, Геннадий Коновалов, Карпов болуп ойноп жүрдүк. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгонго жетиштик. Агезде азыркыдай клубдук команда деген аз эле. Көбүнчө облустан куралып келген командалар арасында мелдеш өтчү. Мындан Ананьево айылынан бойлору узун балдар Ысык-Көл облусунун командасынын атынан ойношчу.
1968-жылы, анда мен айыл чарба институтунда мугалим элем. Эки айга жакын сбордо жаттык, машыгып дегендей. Агезде чет өлкөгө чыгуу катуу эле. Анан Камбоджага Байыш Элебесов, мен, Асаналы Курманбеков, Аскар Турдумамбетовдор жөнөмөк болдук. Үч күн калганда Байыш Элебесовдун ордуна Аскар Жумагуловду кошушту. Машыктыруучубуз Коновалов болду. Бир жолу Чоң-Таштан мен, Сүймөнкул, Насыйкат, Бакыя агам жана Асаналы Курманбеков бир команда болуп, Кыргызстандын курамындагы топ чапкычтар менен катуу мелдеш кылдык. Ошондо оюнду утуп алганбыз. “Чоң-Таштагы Чокморовдор” дешип, далайга чейин биз жөнүндө айтып жүрүштү. Ал эми учурдагы волейболдун өнүгүп атканына федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин эмгеги ат көтөргүс. Анын вице-президенти Жеңиш Кызалаков, баш катчысы Кылычбек Сарбагишевдер мыкты иш алпарып атышат. Аны айтуу керек. Ошол эле учурда волейбол ардагерлери Асан Мамырбаев, Аскар Жумагулов, Марат иним, ж.б. топту таштабай, жаштарга дем-күч берүү, спортту өнүктүрүү, жайылтууда топ чекесинде жүргөндөрү менин жүрөгүмдү жылытууда...” деген Сүйөркул аганын сөздөрү азыр да эсимден кетпейт. Аттиң, кыргыздын патриот уулу, топ дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган, бийлик, байлык менен иши жок, кыргыздын нарктуу аксакалынан ажырадык. Кош Сүйөркул ага, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торколуу болсун!