Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

16-ноябрь, 22:32
614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)

8. Чоролорду тандоодо шер Манастын колдонгон бийик чен-өлчөмү 

I

Манас өзү дегеле бу турмуштан кимди, кандай адамды издеп жүргөндүгү жөнүндө Бакайдын алдында төмөндөгүдөй деп сырын ачат:

Баатырдыгы башкача

Шерди издеп жүрөмүн!

Өзүм менен бир өлчү

Теңди издеп жүрөмүн.

Мына ушундайча чын жүрөктөн төгүлгөн монологдон, агынан жарылган ачык сырдан биринчи иретте өзүнө чоро, жолдош, дос боло турган кишиге карата Манастын койгон талабынын, чен-өлчөмүнүн, критерийинин бийиктигин, жогорулугун көрүүгө болот. Айкөлгө чоро, жолдош, дос болчу адамга коюлуучу, башкы чен өлчөм – терең байкасак, шериктештин Манас менен идеялаштыгы, мүдөөлөштүгү, тилектештиги, жүрөктөштүгү, дилдештиги, өзөктөштүгү жана көйкашка баатырдыгы экен. Манастын ак калпак кыргызды азаттыкка чыгаруу боюнча алдына койгон мекенчил мүдөөсү ыйык жана жогору. Мындай мүдөөнү жүзөгө ашыруу зарылчылыгы бийик адамдык сапаттарга муктаж. Ушул муктаждыктан чыгып, Манас руханияты бийик рыцарды, жолборсту, жүрөгүндө жалы бар шерди, “тар жол, тайгак кечүүдө” тагдырлаш ак кан досту издейт. Айкөлгө идеялаш, мүдөөлөш, тилектеш, өзөктөш болуу деген нерсенин – бул чабылып-чачылып, азап-тозок тарткан кыргыз элин кулчулуктан куткаруу үчүн Манасча карууну казык, башты токмок кылуу, Ата журт үчүн Манасча жанды курман кылууга даяр турган берен болуу, «калмак, кытай, манжууга качырып найза сунууга» жарамдуу көкжал чыгуу, Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак калктын мамлекеттүүлүгү үчүн антка-шертке бекем туруу деген кеп экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Эгерде мындай чоң жүктү аркалоого жарамсыз болсо, киши тууганына карабай Манастын муңдашы, сырдашы боло албайт.

II

Манас дал жогорудагыдай чен-өлчөмдөрү менен таразалап, өз айланасына кырк чорону топтоп келген экен. «Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка» делет эпосто. Демек, чоролорду шериктеш кылууга алардын ар биринин кашкөйлүк сапаттары негиз болгон. Бирок Манастын дале болсо ичинде арманы бар. Ал «Издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди, берен таппай, эл таппай, жаныма жолдош кылууга, өзүмө катар шер таппай» деп күйүт чегет. Манастын күйүтү жердин түбү Желпиништен өзүн издеп келген Бакай менен жолугуп сырдашкандан кийин, аны менен «кою короолош, ашы жоролош» болгон соң басылат.

Бакай «Манаста» «Туйгун Бакай олуя», «Акылы терең кеменгер», «Айла тапкыч акылман», «Капилет жерден сөз тапкан, караңгы түндө көз тапкан», «Бакай баатыр көкжалдын, акылы кенен дарыя” деп бааланат. Манас өзү эңсегендей, Бакайга окшогон телегейи тегизди, өзүнө теңтуш эгизди, өзү катарлуу эрди, идеялашты, мүдөөлөштү таап, жан жолдош кылып калайык-калктын кызматына чегет. 

Манас кырк чоросуна терең ишенет жана аларга таянат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жана «Манас» энциклопедиясында кырк чоронун ысымдары төмөнкүчө аталат: Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Кутунай, Каратоко, Мажик, Камбар уулу Чалик, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Каракожо, Бообек, Шаабек, Шүкүр, Алтай (албандардан), Төртай, Төлгөчү, Каратөлөк, Төкөтай, Калкаман, Элеман, Серек, Сыргак, Кошабыш, Эр Ыбыш, Алакен, Арстан, Мажик, Чубак, Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Кербен, Дөрбөн, Бөгөл, Каратүлөө, Кабыке, Жабыке, Бооке (Алоокенин уулу), Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту. Эпосто чоролор төмөндөгүчө мүнөздөлөт: 

Аалам жеңбес көйкашка,

Сундуруп найза тартпаган,

Сүрдөп жоодон качпаган,

Кемерин кесе курчаган,

Кезенишкен жоо болсо

Ар бири миңге кол салган!

Чапса кылыч кеспеген,

Найза сайса тешпеген,

Мылтык атса ок өтпөс,

Отко түшсө чок өтпөс... ж.б.

Манастын кырк чорого кандайча аталык камкордук көргөндүгүн, кандайча жакшылык жасагандыгын кырктын башы Кыргыл чал мындайча моюнга алат:

Атсыз келдик бир чоро,

Атсыз келген чорого 

Аркар аяк, жез билек

Атты Манас мингизди.

Тонсуз келген чорого

Тон мыктысын кийгизди. 

Катынсыз келген чорого

Оймок ооз, бото көз,

Кылактаган сулууну

Алып берди зор Манас.

Үйсүз келдик бир чоро,

Үйсүз келген чорого

Керегенин кашаты

Темир менен тээктүү,

Жабык башы саймалуу,

Алты эли кундуз жээктүү,

Боо-чуусунун баарысын

Чылк жибектен чалдырган,

Борумдап ордо салдырган

Ордо берди шер Манас.

Малсыз келди бир чоро,

Малсыз келген чорого

Адырда жылкы ала баш,

Аргымак, буудан аралаш,

Бөлүп берди шер Манас.

Үзүлгөндү улады,

Чачылганды жыйнады.

Өчкөн отту тамызды,

Өлгөндөрдү тиргизди.

Берен Манас көкжалдын 

Этегин кармап эр болдук,

Эр уулу менен тең болдук.

Кыргыл чалдын бул чын жүрөктөн чыккан сөздөрүнөн Манастын чынында эле жолдоштору үчүн эч нерсе аябаган, чоролорум дегенде ичкен ашын жерге койгон, камкорчул, күйүмдүү, берешен экендиги айкындалып турат. Эпосто ал бекеринен “Телегейи тең эле, ичин карап отурса, жер жүзүнөн кең эле, сайып буруш эр эле, кеңдиги чалкар көл эле” деп мүнөздөлгөн эмес. Манас өзүнө, эл ишине ак жүрөктөрү менен кызмат кылган үчүн чоролоруна ыраазы болуп турат. “Кырк чоро менин абийирим” дейт Манас. 

III

Жаш Манас Алтайда жашап жүргөндө Акбалтадай чечендин, тарбиячы устаттын патриоттук аңгемелеринин духуна сугарылып, Кошой баатырдын образын кыялында алдейлеп келген. Кошойго учурашуу үчүн атайын Алтайдан Ала-Тоого келген Манас кыялында идеал кылып жүргөн каарманынын кадимки турмуштагы жүзүн, турмушун, жүрүм-турумун өз көзү менен көрүп, сөздөрүн өз кулагы менен укту. Ырасында эле Кошой Акбалта аксакалдын аңгемесиндегидей, «кармаганда кан чыккан, тиктегенде жан чыккан, чокморунан чок чыккан, чок жарылып от чыккан, ай кулагы калкандай, бендеден артык шер» экенине, журттун санаасын тартып саргайган, Ала-Тоо асыл жер үчүн, ак калпак кыргыз эли үчүн кызыл чокко түшүп, өрт кече турган, өрттү кечип да келген, кечип да жаткан, эл-жер деп жетимиш жеринен жараланып жапа тарткан чыныгы калк чыгааны экенин Манас билди. Баскынчыга багынбас, күнкорлукка чыдабас, куралын маштап, тулпарым таптап, көтөрүлүшкө даяр турган, адеп-ахлагы бийик, акылы алысты чапчыган даанышман, тажырыйбага карк улуттун көчүн баштаар жолбашчы, таяна турган тоо экенине чындап ынанды. «Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям, өйдө турсам өбөгүм, ылдый тартсам жөлөгүм, астыга салсам ак жолум, аркамда жүрсө сан колум» деп Манас Ат-Башыдагы баатыр абакесине бийик баасын берип, аны менен кол кармашкан союз түзөт.

IV

Манас калк кызыкчылыгын көздөп чогулткан, Бакай, Кошой сыяктуу көсөмдөр, Алмамбет, Чубак, Сыргак өңдүү көкжалдар башында турган өзүнүн күчтүү командасы менен кыргыз элинин чачылганын жыйнаган, үзүлгөнүн улаган жана калмак-кытайдын азуусун айга жанган империясын жеңген. Ушул кеменгерлерден жана чыгаандардан турган командасы менен Манас түрк элдеринин аскердик конфедерациясынын башында жогорку Каган болуп турганда Орто Азиянын жана Чыгыш Түркстандын хандыктарына тыш жактан эч бир жоо катыла алган эмес, о.э. түрк элдери, анын ичинде кыргыз калкы эңсеген мүдөөсүнө жетип, тынчтыкта, бакубатчылыкта күн кечирген.

Эпосто Манастын образы аркылуу калк башчысы, мамлекет жетекчиси, ажо, кан жөнүндөгү элдин идеалы берилген. Манас – бул ажонун символу. Манас кандайдыр бир айла-амал менен дос-тамырлардан турган колдоочу кожолордун жана сүрөөнчүлөрдүн жардамы аркылуу жулунуп мансапка умтулгандыгы аркасында бийликке келбейт. Манас бүткүл калк алдында өзүнүн эмгеги менен көрүнүп, баатырлыгын жана кеменгерлигин далилдеп, анан кандыкка көтөрүлөт. Манасты калк чуркурап өзү кан көтөрөт. Демек, улуу эпосубуз бизге башчынын, падышанын такка келиш жолу акыйкаттын, чындыктын, мээнеттин жолу болуш керек деген идеяны айтып турат. Жетекчи кандай болуш керек? Кийинкилерден Курманжан датканын мисалын кыстарып өткүбүз келет. “Алай ханышасы” менен бир нерче жолу жолугуп сүйлөшкөн жумгалдык даанышман Байзак Тооке уулу Датканы мындайча мүнөздөгөн: «… Мен Шабдан менен датка айымдын элдин камы үчүн болгон пикир алмашууларына да көп жолу катыштым. Мен ушул жашка келгенге чейин кыргыз, казак, түндүк, түштүктүн зайып затынын эң мыктысы ушунун зайыбы деген эл мыктыларынын үйлөрүндө көп болдум. Бирок акылы, мүнөзү, так сөзү, ойлуу, суздугу датка айымга окшогон бир дагы зайып затын жолуктурганым жок. Датка айым менен пикир алышканда, тактысында ойлуу, суз, бир калыпта айткан сөзгө гана так жооп берип, өзү сөзүн улантканда өтө кыска, жай, назик сүйлөп, оюнун өтө тактыгы, жүйөлүүлүгү менен таасирдүү эле. Жердин чеги жөнүндө Шабдан кеп кылып калды эле: «Баатыр, эки оёздун жеринин чеги туура, башкача чек болуу­га тийиш эмес. Бирок өкүлдөрдүн пикирине эл эгеси (даткасы) ыкырарбы, ушуга күйбөй эле шартнама кагазыңарды бүтүрө салдыңар. Бул жолу бул шашмалыгыңарга макул болдум. Силердей эл эгесине шашмалык жолдош болсо жаман иш. Мындан ары шашмалыкты боюңарга жакын кармабагыла» десе болобу!» («Байзак баатыр» китебинен).

Байзактын бул айтканы Курманжан датканын мүнөзү, жүрүш-туруш сыпаты жөнүндөгү эч жерде жок, абдан баалуу тарыхый маалымат болуп эсептелет. “Алай ханышасынын” башчылык наркы жана мүнөзү бүгүнкү аткаминерлерге үлгү. 

“Балдар, башчысы болбой марыбайт, Башаламан жарыбайт” делет «Манаста». Калайык-калк качан марыйт? Манастай башчы болгондо гана эмес, ошол ажонун айланасында элдин, мекендин жогорку кызыкчылыктары үчүн жуурулуша баш кошкон, бири-бирине кылдай арамдыгы жок, ниети ак, пейили булактай таза Бакай, Кошой, Ажыбай, Каныкей, Алманбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жол көрсөтөр чыгаандар жана кеменгерлер турганда гана журттун иши оңолуп, ташы өйдө кулайт деген өтө баалуу, терең маанилүү ой берилип жатат. Ырасында эле, Манас ажонун сиңирген эмгеги жана көрсөтүп турган таалими ушунда: ал өз тегерегине, азыркыча айтканда, жогоркудай күчтүү команданы топтой алгандыгы үчүн кыргыз калкы кырылып, жоюлуп кетүү коркунучунан аман калып, кайрадан эл болуп биригип, өз алдынча мамлекет болуп, эңсеген мүдөөсүнө жетет. Акылмандыгы жана арстандыгы аркасында ар кай жакка чачылып кеткен кыргыздарды баш коштуруп, бириктирип, Ала-Тоо конушту кайра алып, «кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» эмгеги, эрдиги үчүн биз Манас атага түбөлүк таазим кылып, ар дайым өрнөк кылып, аны менен сыймыктанып, төбөбүзгө туу кылып көтөрүүгө тийишпиз. Манас ажонун азыркы тил менен айтканда, кадр тандоодогу көрсөтүп турган мындай өрнөгү кыргыз үчүн өтө керектүү сабак. «Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болот», «Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат» деген макалдардагы нусканы көңүлдүн борборунда тутуу оң. «Карөзгөй болсо калкына, калктын жетпей баркына, акимдин жайы – кара жер» деген акылман Арстанбек. Журт башчыларынын, акимдердин арасында «Абыке-Көбөш алты арамдар», чолок акыл, кыска ойлуу мансапкорлор, өз көмөчүнө күл тарткан кара жемсөө аткаминерлер, кой терисин жамынган карышкырлар, колдоонун күчү менен кожо болгондор көбөйгөндө, мамлекеттин дубалдары кулап жыгылганына тарых күбө өтүп келет. 

Эгемендүүлүктүн жылдарындагы бийлик бутактарында, башкаруу органдарында бүркүттөр, шумкарлар эмес, көп учурда жорулар, кузгундар, каргалар отуруп келишти. Бекеринен Кыргызстанда үч жолу революция жасалган жок. Ага карабай, тилеке каршы, азыр да “эрдик жасайт” деп эл ишенген кээ бир кожолор жемкорлук менен кылтакка илинишип, колдоруна кишен салынууда.

Бүгүн кыргыз мамлекетине кадр философиясы керек. Кыргыз коому өзүн локомотив сыяктуу сүйрөй турган Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Чубак, Сыргак, Алманбет, Курманжан датка сыяктуу күчтүү инсандарга – кадрларга кардар. Мерчемдүү түйүндүү кызматтарда, башкаруу рулдарында ишкердик сапаттары, уюштуруучулук таланты, жемиштүү жаратмандык тажрыйбасы менен эл көзүнө көрүнгөн, дүйнө таанымы кенен, профессионал, коомдун өнүгүүсүнүн муктаждыктарын кылдат туюп турган, татаал экономикалык, социалдык-маданий проблемаларды талдап түшүнө билген, улуттун, калктын стратегиялык кызыкчылыктарынан жана мүдөөлөрүнөн чыгып маселе чечкен, элдин энергиясын, түзүүчүлүк потенциалын керектүү нукка багыттай алган, инновациялык чыгармачылык ишмердикке жөндөмдүү, адептик-ыймандык жүзү таза, талапчыл, принципиалдуу, Манас атабызча “үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы” деген патриот инсандар турганда мекенибиздин арышы кеңип, ташы өйдө куламак. Бүгүн биз улуу мурасыбызда катылып жаткан жанагындай чоролорду тандоо философиясын көкүрөгүбүзгө түйүп, Манас атанын башкаруучу топ түзүүдөгү өрнөгүн ээрчип, иш жүргүзүүбүз зарыл. Тилекке жараша, мамлекетибизде бул багытта алгылыктуу иштер жасалууда.


Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер