Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдаровдун “чукуламайы”, же Масалиевдин мандат тапшыруу сыры

Айдаровдун “чукуламайы”, же Масалиевдин мандат тапшыруу сыры

29-май, 15:11
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мал болбой калды” деген кеп бар. Анын сыңарындай, Исхак Масалиев да Жогорку Кеңештен түңүлүп, беш ай калганда мандатын таштап кеткени ар кандай талкууга жем таштаган. Көпчүлүгү маселенин тереңин билген жок. Ооба, Исхак мырза өзүнө упай алып, “чимкириктердин” арасында отурууга моралдык жоопкерчилиги жол бербегендей өңүттө кол шилтеп, баса берди... “Медалдын экинчи бети бар” демекчи, анын ордуна депутат болуп Нургазы Айдаров келди. 2015-жылы шайлоодо экөө Кадамжайдан өнөктөш катары чыгышып, “Өнүгүү-Прогресске” жарытылуу добуш алалбай калышкан. Убагында бул боюнча чыр да чыккан эле. Акчасын чачкан Айдаров тизме алдындагы Масалиевден мандатын алалбай, ушул күнгө чейин доолашып келатышканы тар чөйрөдө белгилүү болчу. Анан саясаттын ыңгайына жараша Масалиев акыйкатты көздөгөн адам көрүнүп, “чимкириктерден” өйдө болгондой упай алып, мандатын тапшырып кетти. Карандай популизм! Айдаров артынан “чукулабаса” кайдан кетмек эле?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер