Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүн Өмүрзаков: “Жабылган чек ара бекеттерин кайра ачууга аракет кылалы”

Сүйүн Өмүрзаков: “Жабылган чек ара бекеттерин кайра ачууга аракет кылалы”

17-март, 12:16
968 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сүйүн Абдылдаевич, чек ара бекеттери боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Чын эле ошондой көйгөй бар бекен?

-- Бизге шайлоочулар кайрылып жатышат. Кимдир бирөөнүн жакын тууганы кайтыш болуп, кошуна өлкөгө барыш керек болсо, ал жактан чек ара постунан өткөрбөй жатыптыр. “Бизге ТИМден чындыгында эле тууганы каза болгону тууралуу справка алып келгиле” дешет экен (бул автоунаа менен өтүүчү постторго тийешелүү маселе. Аба мейкиндиги аркылуу учкандарга тоскоол жок). Натыйжада алар тышкы иштер министрлигине келишет, ТИМдегилер болсо өз кезегинде кошуна өлкөгө нота жиберишет. Ошентип, маселе чечилгенче эки-үч жума өтүп кетет. Ал эми Тажикстан менен чек ара жабык, алар Өзбекстан аркылуу өтүп жатышат. Анан мусулманчылыкта билесиздер да, жакшылык-жамандыкта катташпаса болбойт. Көбүнүн кошуна өлкөлөр менен куда-сөөктөрү, тууган-уруктары бар. Элге абдан чоң көйгөй жаралып жатат. Мен бул маселе боюнча тышкы иштер министринин орун басары менен сүйлөшүп, тактадым. Төрага да протоколдук тапшырма бермей болду.

-- Азыр Өзбекстанга өтүүчү канча чек ара бекети иштеп жатат?

-- Оштогу “Достук”, экинчиси Кадамжайдагы чек ара бекетинен өтөт. Эгер Аксынын, Ала-Буканын, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунун тургундары Өзбекстандагы туугандарына барыш керек болсо, Ошко барышы керек. Жалал-Абадда “Маданият”, “Кең-Сай” чек ара бекеттери бар. Эки өлкө сүйлөшүп, ошол постторду ачып берсе, элге жеңилдик болот эле. Пандемия деле бүтпөдүбү, көп мамлекеттер чектөөлөрдү алып жатышат. Биз дагы буга чейин жабылган чек ара бекеттерин кайра ачууга аракет кылышыбыз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер