Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Нарматова: “Жалкоо болбой башыбызды иштетсек эле өнүгүп кетебиз”

Надира Нарматова: “Жалкоо болбой башыбызды иштетсек эле өнүгүп кетебиз”

25-сентябрь, 16:06
1 355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Надира айым, бир жылдан ашуун чет жактан карыз албай жашап келатабыз, сизге байкалып атабы?

-- Биз эгемендүү, көз карандысыз мамлекетпиз. Буюрса, өз алдыбызча өнүгүп-өсүп кеткенге жол ачылып, жакшы иштер башталды. Кумтөрдү өнүктүрүп, өзүбүз иштетип, алтыныбыздын калганын өндүрүп, кайра иштетүү заводдорун ачып кетсек, көп ийгиликтерге жетебиз. Ошону менен катар экономикалык жактан коопсуздугубуз да чечилмек. Кумтөрдү ушул бойдон токтотпой иштетип кете бергенибиз оң. Тоолор, суулар, мөңгүлөр, алтын, жер байлыктары – өзүбүздүн, кыргыздын менчиги. Башты оорутуштун кереги жок. Биз бар байлыгыбызды иштететип, экономикалык кризистен чыгып, карыздардан кутулуп, өз жашообузду улантканга эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ооба, убактылуу кыйналышыбыз мүмкүн, бирок өз алдыбызча иш аракет жасаганыбыз маанилүү болот.

-- Ири державалардан жардам сурап кереги жокпу?

-- Кереги жок. Россиядан, Кытайдан же башка мамлекеттерден көз карандысыз эле өнүгүп кеткенге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн атамекендик ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жеңилдиктерди берип, салык төлөмдөрүн иреттеп, ишкер-жаратмандарды колдоп, жумушчу орундарды түзүп, өндүрүштөрдү өркүндөтүп, өзүбүздүн экологиялык таза азык-түлүгүбүздү жегенди үйрөнсөк, өсүп-өнүгүп кетебиз. Анткени, биздин жер, суу, андагы кен байлыктарды ысырап кылбай, талкалабай, бирөөгө итбекерге сатып ийбей, талап-тонотпосок эле жыргайбыз. Андан көрө жалкоо болбой, башыбызды иштетели. Импортту азайтып, экспортту күчөтөлү. Биз аз элбиз. Жакшы башкаруу системасын жолго салып, темирдей тартип орнотсок эле болду. Андан сырткары, мигранттарды кайтарып келүү үчүн акырындап жумушчу орундарды түзсөк эле экономикалык коопсуздуктан чыгып кетебиз. Мына, бир жылга жакын убакыттан бери чет элден бир тыйын карыз алган жокпуз. Бюджетибиз куру болсо да, аракет кылышууда, алдыга жылып баратабыз. Ички резервдерди пайдаланса болот. Бул да учурдагы бийликтин иш аракети...



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер