Өкмөт башчы Бороновдун кесепетинен эл көтөрүлүп кетпейби?..

Премьер-министрлик кызматын аркалабай жатып Кубатбек Боронов өкмөт үйүнүн астында жүздөн ашык аткаминери менен сүрөткө түшүп, Мухамметкалый Абылгазиевди узатууда коомчулуктун сынына кабылды. Үймөлөктөшкөн буларды элибиз көрүп, “коронавирус жок экен” деген бүтүмгө келишти. Ээрге миналбай ээги менен тийгендей эле кепке калды. Дагы бир кызыгы, Боронов демалыш күндөрү коомдук транспортту токтотууну билдиргени кандай? Көпчүлүк адамдар түшүнүшпөй, “башка күндөрү автобустарда, маршруткаларда тыгылышып, вирус жуга берсе болобу?” дегендей суроону беришүүдө. Бул эмне деген сабатсыздык? Чечкиндүү, караңгыдан көз тапкандай жолду көрсөтө албаганы кейитет. Айтор, Бороновдун премьер-министр катары башкаруусуна ишенбегендер арбыды. “Чимкирик” парламент атайын ушундай адамды жогорку бийлик бутагына отургузуу менен жалпы кризисти жаратып, элибизди кыйнаганы жатышабы? Мындай шартта эл көтөрүлүп кетпейби? Ансыз да коронавируска чалдыккандар бир күндө 200дөн ашып кетти. Элдин турмушу барган сайын начарлап баратат...
Aryba.kg