Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Манастын уулу Семетей” эл аралык чууга кабылдыбы? Же чоркок идеолог Чолпонбек Абыкеевдин шоусу...

“Манастын уулу Семетей” эл аралык чууга кабылдыбы? Же чоркок идеолог Чолпонбек Абыкеевдин шоусу...

27-октябрь, 12:28
3 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмабыз айрым катмардын каршылыгына карабай коомчулукка тартууланып, бир катар чет өлкөлөргө чыкканы турат. Түркиянын интернет жана телеканалдары менен кызуу иштешип, тасма кабыл алынганы турганда мамлекеттик “ТРТ-Авас” телеканалынын жетекчилиги аларга Кыргызстандын президенттик администрациясы менен маданият министрлигинен “Манастын уулу Семетейди” чыгарбоону талаптаган кат барганын, ошондуктан мамлекеттин позициясына каршы турушпастыгын билдиришти. “Мамлекеттик каналдар чыгарышпаса, жайнаган эркин каналдар турат, мамлекеттик бийликтин каршылыгына кабылса, тескерисинче, мыйзамсыз ыдык көргөн чыгарма катары баалашып, эрегишип чыгарышчу өлкөлөр бар” деп жооткотушту эл аралык ортомчу дистрибьюторлор. Кат бир гана Түркиянын мамлекеттик телеканалына гана эмес, маданият министрлигине, Түркиядагы “Нетфликстин” дирекциясына жана башка өлкөлөргө да жолдонгону белгилүү.

Демек, “Манастын уулу Семетей” кыргыз бийлиги тарабынан тыюу салынган тасмабы?! Анда кыргыз өкмөтүнүн маданият министрлигинин кино департаменти тарабынан 2022-жылдын 10-августунда тасманы көрсөтүүгө уруксат берген №2022-221 прокаттык күбөлүгү мыйзамсыз болобу?! Ал жокко чыгарылган эмес. Антүүгө негиз да жок. Анда эмесе кыргыз бийлигинин чет өлкөлөргө жазган каты мыйзамсыз болуп чыгат! А бул нагыз эл аралык сот аркылуу тескелчү, олуттуу чуу чыгуучу окуя. 

Кинону президент Садыр Жапаров башында бир, кийин оңдоп-түзөөлөрдөн кийин дагы, баш-аягы эки, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов үч жолу көрүшүп, уруксат беришкен. Арийне, президент менен мамкатчы бул чуулуу каттан кабарсыз. Президенттик администрациянын маданият тармагын тейлеген бөлүмү (башчысы Т.Ажыкеев) да кабарсыз болуп чыкты. Демек, президентти аттап, укугун ашыра пайдаланып, ылдый жактагы аткаминерлер, тагыраагы, бул тасмага башынан касын тиккен, мамкатчы кезинде ызы-чууну уюштурган, каршы топтун дирижёру, азыркы президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин жетекчилиги менен жасалган иш. Өзүнүн деңгээлинин төмөндүгү менен дайыма бийликти жаманатты кылып келаткан чоркок идеолог Чолпонбек Абыкеевдин кезектеги мыйзамсыз шоусу болуп чыкканы турат...

Ал эми тасмабыздын айланасындагы уу-дуу тууралуу белгилүү коомдук ишмерлердин ойлорун сунуштамакчыбыз.

Өмүрзак Төлөбеков, тасманын сценаристи жана продюсери 


Эл аралык ири кинодолбоор       

Ыйык “Манас” үчилтик эпосубуздун, кырк жылдан бери сахналарда коюлуп келген Жалил Садыковдун драмасынын негизинде “Манастын уулу Семетей” көркөм фильми тартылганы кубаттоого аларлык окуя. Аны жапырт колдогондун ордуна айрым топтор ур-токмокко алышты. Кино тартыла баштаганда “эпосту киного айлантууга болбойт, тасманы чыгарбаш керек” деп чуу кылышты. “Аз каражат менен улуу чыгарманы бузушат” дешти анан. Кино чыкканда “эпосту бурмалашкан, начар тартышкан” деп сындашты.

Кыргыздын бир топ аттуу-баштуу, элге эмгеги сиңген ишмерлерине “Манастын уулу Семетей” коомчулукка тартууланардын алдында көрсөтүлдү. Кыргыз мамлекетинин чыгаан идеологу, экс-спикер Медеткан Шеримкулов “Совет бийлигинде, андан кийинки 30 жылдан берки эгемен өлкөбүздө тартылбаган “Манас” үчилтиги эми көркөм киного айлана баштаганын кубатташыбыз керек. Арийне, кемчиликтери бар, бирок элибизге эң керектүү, кызыктуу көркөм тасма жаралыптыр” деп ыраазы болсо, Кыргыз эл артисти Кайыргүл Сартпаева “кыргыз кинолорунун баарын көрүп келатабыз. Мыкты тасмаларыбыз көп. Бирок, бул башкача, маанилүү кино болуптур. Мен мындай тасма көрбөгөм” деп кубанычын бөлүштү. 

Биринчиден, бул тасма элибиздин эң маанилүү чыгармасын киного айлантып, жамы журтка улуу эпосту кеңири жайылтып, калкты патриоттуулукка чакырганы менен баалуу. Экинчиден, биринчи жолу компьютердик графика аркылуу кыргыз тасмасына жер жайнаган эл, жүздөгөн бозүйлөр, кылкылдаган атчан жоокерлердин айкашы түшүрүлүп, башка өлкөлөр бир нече миллион долларга тартышкан кинолордун деңгээлиндеги тасма жаралып, “аз каражат менен улуу чыгарманы бузушат” деген чочулоо жокко чыгарылды.

Москва шаарындагы премьерада Россиядагы кыргыз диаспорасынын активисттери, экс-консул Турдали Орозбаев, Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдун негиздөөчүсү Максат Гайыпов Орто Азия гана эмес Түркия, Кытай, Иран сымал өлкөлөрдө көрсөтүүгө татыктуу тасма жаралганын кубануу менен белгилешти. Ошондой эле Роза Айтматова, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова, “Чоң казат” партиясынын лидери, ЕАЭБдин министри Максат Мамытканов баш болушкан бир катар көрүнүктүү ишмерлер “Манастын уулу Семетей” тасмасы кыргыз маданиятындагы олуттуу жаңылык болгонун белгилешти.

Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчин Топчу, Казак эл артисти Асанали Ашимов, Россия эл артисти Александр Панкратов-Чёрный, эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюмунун башкы катчысы Султан Раев, эл аралык “Бир алкак – бир жол” уюмунун Орто Азия боюнча жетекчиси Жания Тапалова баш болгон бир катар чет өлкөлүк коомдук жана маданий ишмерлер кыргыз тасмасына жогору баа беришти. 

Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков “Манастын уулу Семетейди” бир нече тилдерге котортуп, Анкара, Стамбул, Москва, Алматы шаарларында Түркия, Россия, Казакстан киночуларына көрсөтүп, ал өлкөлөрдүн интернет жана телеканалдарынан көрсөтүүгө аракеттенип жүргөнүн, андан ары Кытай, Иран, Пакистан, Италия, Түштүк Корея, Өзбекстан, Азербайжан киночулары менен кызматташып атканын жар салды. Буюрса, кыргыз тасмасы бир топ мамлекеттерге тарап, эл аралык аренага чыгуу алдында турат. 

Кыскасы, “Манастын уулу Семетей” улуу эпосубузду, кыргыз маданиятын дүйнөгө даңаза кылуучу тасма. Мындай тасма кимдерге жаккан жок? Айкөл Манас бабабыз – күчтүү, улуу инсан. Улуу күчтүн душмандары көп жана чоң болот. Манас менен Семетейдин ички душмандары Абыке, Көбөштүн, тышкы кастары Коңурбай, Кыястын тукумдары... Элдик улуу чыгарма биринчи ирет киного тартылып, кыргыз маданиятында жаралган чоң жаңылыкты көргүлөрү келишпей, азыркы бийликтин жана кино топтун оппоненттери жабыла майда-барат мүчүлүштүктөрүн бетке кармашып, тасмага акаарат жаадырышты. Ал эми манасчылар жана алар менен санаалаштар эпосту миф, жомок түрүндө талапташып, аны киного айлантуудагы бир жанрдан, формадан экинчисине трансформациялануудагы түп чыгарманын көп өзгөрүүгө учурарын эске алгылары келишпейт. Эпостун маани-маңызы бурмаланган эмес, болгону формасы өзгөргөн.

Чыгармага чыныгы бааны маданий тармактагы жана бийликтеги, оппозициядагы бир ууч субъективдүү көз караштагы оппоненттер жана интригандар эмес, жамы журт берет. Алдыдагы мезгилде “Манастын уулу Семетей” тасмасы аалам аралап, элибизге сыймык, аброй апкелерине ишенебиз!

Айрым сынчылар “Манасты” чоң каражат менен тартыш керек” деп куру ооз керип отурушканда “Манастын уулу Семетей” аркылуу анын жаратуучулары дүйнөлүк ири кинокомпанияларга чыгып, ааламдык олуттуу долбоорго мүмкүнчүлүктөр жетиштүү экенин далилдеп, эми биргелешип эл аралык ири тасмаларды тартууга бет алганын кубаттап, ак жол, орошон ийгилик тилемекчибиз!


Дөөлөтбек Шадыбеков, Кыргызстан аксакалдар коомунун төрагасы,      

Жеңиш Качыкеев, коомдук ишмер, атайын кызматтын отставкадагы полковниги,

Аскар Бакеев, эл аралык “Манас-Ата” коомунун президенти 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер