Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда өсүмдүк майы менен кумшекер тартыштыгы жаралбайбы?
Кыргызстанда өсүмдүк майы менен кумшекер тартыштыгы жаралбайбы?
23-ноябрь, 11:56

Кыргызстан өзүнүн камсыз кылуу үчүн 63 миң тоннага жакын өсүмдүк майын өндүрүү керек. Азырынча зарыл болгондун төрттөн бир бөлүгү чыгарылып жатат. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков билдирди.
«Биздин өндүрүштөгү өсүмдүк майы дагы эле социалдык маанилүү продукциянын эң начар звеносу болуп саналат. Былтыр 17,5 миң гектарга май өсүмдүктөрүн эксек, быйыл 20,5 миң гектарга май өсүмдүктөрүн айдаганбыз. Кайра иштетүүнүн жыйынтыгы менен 20-25 пайыз деңгээлинде камсыздоону пландап жатабыз, калганын импортко алмаштырабыз» деди министр.
Анын айтымында, республикада нефтини кайра иштетүүчү сегиз ишкана бар, алардын жалпы кубаттуулугу республиканы өзүнүн продукциясы менен камсыз кылууга жетет.
«Кумшекер маселесине келсек, былтыркы жылы кант кызылчасынын дүң жыйымы 389 миң тоннаны түзүп, 45 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Быйыл 450-500 тонна жыйнап, 62-63 миң тонна даяр кант өндүрүүнү пландап жатабыз. Бул былтыркы көрсөткүчтөн төрттөн бир эсе көп» деди Жаныбеков.