Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » С витамини – коронавируска каршы күрөшүүдө сизге мыкты дос! Аны кандай азыктардан алса болот?

С витамини – коронавируска каршы күрөшүүдө сизге мыкты дос! Аны кандай азыктардан алса болот?

08-июль, 12:18
2 066 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дарыгерлер вирустан алдын ала сактануунун эң жакшы жолу – иммунитетти көтөрүү экендигин айтып келишет. Вирустан алдын ала сактануу үчүн иммунитетти бекемдөөгө кандай азык-түлүктөрдү колдонуу керек? Дарыгерлердин айтымында, курамында С витамини бар азык-түлүктөрдү колдонуу менен организмди вируска каршы чыңдоого болот.

С витамини (аскорбин кислотасы) сууда эрүүчү витамин болуп саналат. Ал 1928-жылы ачылган, бүгүнкү күндө ал организмге эң зарыл болгон витамин. С витамини иммунитетти көтөрүп, организмди курч вирустук инфекциялык оорулардан коргойт.  


С витаминин кайсы жашылча-жемиштерден алса болот? 

1. Итмурун (шиповник). Итмурун элдик медицинада кеңири маалым. Аны жаш өзгөчөлүгүнө карабай, иммунитетти көтөрүү үчүн колдонуу сунушталат. Курамында С витамини көп, ошондой эле В2, К, Е, РР витаминдерин, калий тузу, магний, кальций, темир, фосфор, алма жана лимон кислотасы, эфир майы, кант бар. Алты даана ит мурун даны организмди 119 миллиграмм С витамини менен толуктайт. Эң башкы касиети – иммунитетти көтөрүп, организмдин вирустук ооруларга, сасык тумоого каршы туруусун шарттайт. Итмурун данын таза жууп, кайнак сууга демделген ширесин ичүү керек. 

2. Чычырканак. Чычырканак өзүнө А, С, Р, К, В1, В2 витаминдерин, макроэлементтерди жана минералдардыкальций, фосфор, магний, темир, кремний, марганецти камтыйт. Ошондой эле Е витаминине да бай. Ал жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алат. Андан сырткары анда фитонцид – табигый антибиотик бар. Ал сасык тумоо, суук тийүү жана башка вирустук инфекцияларды дарылоого жөндөмдүү. Ашказан жана ичеги-карын ооруларына да колдонулат. Муну менен катар иммунитетти көтөрүүдө алмашкыс касиетке ээ. Андан кыям жасоого жана шире түрүндө ичүүгө болот.

3. Таттуу болгар калемпири. Таттуу болгар калемпири иммунитетти бекемдөөчү азыктардын бири. Себеби ал С витаминине бай. Бир болгар калемпири организмге керек болгон бир күндүк С витамининин көлөмүн камсыз кылат. Ошондой эле анын курамындагы бета-каротин менен С витамини иммундук системге, көрүүгө, териге жана углеводду азайтууну каалагандар үчүн даба.

4. Карагат. Карагаттын данынан баштап жалбырагына чейин пайдалуу. Ал иммунитетти көтөрүүгө, жүрөк кан тамыр ооруларына, көрүүгө, муундарга табылгыс дары. Ошондой эле суук тийүүдө, сасык тумоодо колдонулат. Курамында А жана С витамини бар.

5. Киви. Орто көлөмдүү бир кивиде 71 миллиграмм С витамини бар, башкача айтканда, орто көлөмдүү бир кивини колдонуу менен адам организмине зарыл болгон бир күндүк С витаминин толуктоого болот. Ал иммундук системди жакшыртуу менен кандагы холестериндин деңгээлин азайтат, стресске каршы да кеңири колдонулат. 

6. Апельсин жана мандарин. Бир даана апельсин жеген адам 2-3 күндүк витаминдин нормасын толуктаганга барабар. Апельсин жана мандарин вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө эбегейсиз зор ролду ойнойт. Ал эми чоң адамдар үчүн күнүнө 3-4 даана мандарин жеп туруу жетиштүү. Ошондой эле ашказан жана ичеги-карын ооруларына да пайдалуу.

 7. Лимон. Лимон иммунитетти көтөрүүдө табылгыс даба экендиги бардыгына эле маалым болсо керек. Сасык тумоо болгондо алгач эле эсибизге лимон келет. Себеби, ал С витаминине бай. Мындан улам ал вирустук инфекцияларга каршы күрөшүүдө эффективдүү. Аны күнүмдүк турмушта чайга, кайнак сууга кошуп ичүүгө жана салаттарга кошуп, пайдалануу менен С витаминин толуктоого мүмкүн.

8. Брокколи. Брокколи дени сак жашоо образынын алмашкыс азыгы. Курамында биз сөз кылып жаткан С витамини, каротин, аминокислоталар бар болгондуктан, организмде холестериндин көбөйүүсүнө жол бербейт, ошондой эле ашказан ооруларына да пайдалуу. 

9. Алма. Алма ар бир үйдө бар болгон эң пайдалуу витамин. Анда калий, фосфор, кальций, магний, натрий, темир, каротин, В1, В2, В6, РР жана Е витамини бар. Кычкыл алма С витаминине бай жана иммундук системге пайдалуу. Организмдеги токсиндерди чыгаруу ишин аткарат, ошондой эле оорудан кийин сакаюуга, табиттин калыбына келишинде өтө пайдалуу. 

10. Укроп жана петрушка. Петрушка С витаминине жана А провитаминине бай. Анда татаал эфир майлары, калий тузу, натрий, кальций, магний, темир, фосфор бар. Анын жалбырагы, сабагы, тамыры да дарылык касиетке ээ.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер