Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыздар миллионер күйөөнү каалашса, жигиттер да баалуу сеп алууга кызыкдар

Кыздар миллионер күйөөнү каалашса, жигиттер да баалуу сеп алууга кызыкдар

20-январь, 17:42
669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги нике агенттиктеринин биринин директору Роза Иманалиева “Спутник” сайтына кардарлары жана алар өмүрлүк жар катары издеген кыздар тууралуу баяндады. Анын айтымына караганда, кардарларды бири-бири менен тааныштыруудан мурда алар менен психологдор иштейт. 

“Азыр биз элдин баары иштен колу бошобогон, жеке жашоосуна убакыт таба албаган жашоону баштан кечирип жатабыз. Адам үй-бүлөлүк бакытты каалап, бирок түгөй болчу кишини кайдан издерин билбей калганда, бизге кайрылат. Биз кардарыбыз кандай адамды каалап жатканын билүү үчүн психолог менен маектештиребиз” деди Иманалиева.

Анын айтымында, кардарлардын каалоосу көпчүлүк учурда оголе “асмандап” кетет. “Кыздардын баары миллионер күйөөгө тийгиси келсе, эркектер ата-энесинен укмуш сеп алчу, ошол эле учурда өтө жөнөкөй кыздарды издейт. Биз демөөрчү эмес, чындап жандүйнөгө жакын болуп, үй-бүлө кура турган адамды издейбиз. Психолог менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей ою өзгөрүп, турмушка реалдуу карай баштаган кишилер көп. Бирок, айрымдары ошол бойдон эле “асмандан” түшкүсү келбейт” дейт. Учурда үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани бербеген адамдар көп экенине өкүнүп, көпчүлүк расмий никесиз эле жашап көрүүнү туура катары эсептерин кошумчалады Роза айым.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер