“Учурда атамекендик ишканаларыбыз кадимкидей жандана баштады”


-- Соңку айларда миңдеген мигранттардын мекенине кайтканын байкап атабыз. Өкмөт аларды жумуш орундары менен камсыздоону ойлодубу?

Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Кыргызстандын экономикасында өнүгүү уланууда. “Илбирс секирик” деп жатышпайбы, чын эле экономика өсүп, заводдор ачылып, жумуш орундар пайда болду. Башкасын кой, чет жактан келген жарандар да Кыргызстанга келип иштей башташты. СЭЗ Бишкектин ичинде, Ысык-Көлдө, менчик үйлөрдө, текстилден бери бангладештиктер эмгектенишүүдө. Демек, Кыргызстан жеке өзүнүн эле эмес, башка мамлекеттин жарандарын да жумуш орундары менен камсыздоодо. Байкасаңар, Кыргызстан Россияны чанып баратат. Мигранттардын укугу тебеленип, басмырланып, талаптары катаалдай баштаганы үчүн көбү мекенине кайтышууда. Азыр бизде курулуш күчөп, үйлөр тынымсыз курулууда. Жумуш орундары дагы көбөйдү. Буюрса, Кыргызстан өнүгүүгө багыт алды. Демек, мигранттар келишип, өз мекенинде иштей беришсин.

Каныбек Осмоналиев, профессор:
-- Мамлекеттин өнүгүү стратегиялык маселесин эске алсак, эмгек мигранттарынын өлкөбүзгө массалык түрдө кайта баштаганы жакшы көрүнүш. Жашырбай эле айталычы, убагында бийлик төбөлдөрү өндүрүштү, айыл чарба мүлктөрүн карышкырлардан бешбетер кажып-жеп, итбекер сатып жиберишкени жалган беле? Алардын жакындары, куда-сөөктөрү, тууган-уруктары бир күндө эле жомоктогудай байып жатып калышкан. Баардык нерседен куржалак калган карапайым адамдар жумуш издешип, кошуна өлкөлөргө жалданма кул катары барышып, өлбөстүн күнүн көрүшкөнүнө мына 30 жылдан ашты! Канча өлүм-житимдер орун алды! Канча жаш тагдырлар талкаланды! Жаңы төрөлгөн ымыркай балдардын ата-энесиз өскөн армиясы пайда болду. Алардын алды азыр 30 жаштын аяк-быягына чыгышып, дагы деле ата-энелерин туурашып, талаалап тентип жүрүшөт. Мурдагы президенттердин бири дагы бул маселеге көңүл бурушкан эмес. Тескерисинче, мигранттардын Кыргызстанга которгон акчаларын өздөрүнүн жетишкендиктери катары сүрөттөп келишкен. Алтургай алардын катарындагы бир саясатчы дөөрүп, “мекендештерибизди вагондоп чет мамлекеттерге жумушка жөнөтүшүбүз керек!” деп чыкпадыбы беле?! Дагы Кудай бар экен, президент Садыр Жапаровдун аракети менен азыр өлкөбүздө өндүрүш, айыл чарба, айрыкча курулуш жаатында жумушчу орундар эбегейсиз санда ачылууда. Жеңил өнөр жайы дүркүрөп өсүүдө. Туризм, ресторан сервистери, ж.б. тейлөө борборлору ишке берилип атат. Чет жерлерде жүргөн жаштарыбыз кайрылып келишип, иштешсин, жол ачык! Ооба, Россияда, Европада, АКШда эмгек жогору бааланар, бирок кээ бир атамекендик ишканаларыбыз да кадимкидей жандана баштады. Бир эле ГАО "Кыргызиндустрияны" алалычы, канча жумушчу орундарын ачып жатышат? Башка маселе, ошондой аракеттерге жасалма бут тосушкан зыянкеч чиновниктерден бүгүн эле кутулуу керек! Азыр элибиз абдан активдешүүдө.
"Азия Ньюс" гезити











