Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Барыктабасова: “Коронавирус менен ооруп түшкөндөр, акыбалы оорлор арбын”

Бермет Барыктабасова: “Коронавирус менен ооруп түшкөндөр, акыбалы оорлор арбын”

08-апрель, 19:52
850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы учурда оору күч алды, бирок калк арасында көп маалымат жок өңдөнөт. Чынында эле вирустун күчөп кетүү коркунучу барбы?

-- Ооба, чынында эле коркунучтар арбын. Былтыркы жайданормалдуу эпидемиологиялык кырдаал кезинде деле вирус тез эле күч алып кеткен. Азыр да коронавирус менен ооругандардын саны өсүүдө. Ооруканаларга түшкөндөр жана акыбалы оорлор арбын. Бирок, өткөн жайга салыштырмалуу абал тынч десек болот. Былтыр эч кандай түшүнүк жок болгондуктан жана коркконубуздан кырдаалдан чыгуу үчүн баарын жасай бергенбиз. Бүгүн дарыгерлерибиздин даярдыгы салыштырмалуу жакшыраак дейт элем. 

-- Эгер вирус күч алса, дарылоо процесстеринде, дары-дармек жаатында жетишпестиктер кайрадан орун алышы мүмкүнбү же министрликтин даярдыгы күчпү?

-- Саламаттык сактоо министрлиги учурда үч айга чейин даярдык бар экенин белгилешүүдө. Эгер ковид бөлүмдөрүндө протоколдо көрсөтүлгөн даярдыктар болсо, анда ооруну көзөмөлдөөгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Тилекке каршы, былтыр кыш айларында дагы баарына даярбыз деп келишкен, бирок, чындык кандай болгонун баарыбыз жакшы билебиз. 

-- Вакцина алууда коркуп-үркүүлөр болууда, ага негиз барбы же ишеним артса болобу?

-- Вакцина алууда коркуу сезимин эмес, организмдин өзгөчөлүгүн эске алыш керек. Эгер адам көп оорубаса, ар түрдүү ооруларды жеңил өткөрсө, анда ал вакцина алуу же албоону өзү гана чече алат. Ал эми организми алсыз адамдар менен жашы өткөндөр ооруну өз күчү менен жеңе аларына көзү жетпесе, дарыгерлер ар бир вакцина тууралуу толук маалымат бериши абзел. Ал эми вакцина алчу адамда Кытайдыкын, же “Спутник“Пфайзер вакциналарын тандап алууга жеткиликтүү шарт болушу керек эле. Бирок, учурда бир эле Кытайдын вакцинасын ала алабыз. Эмдөө алуу биринчи иретте медиктер, мугалимдер жана аскер кызматкерлери арасында жүрөт. Бирок, алардын баары алышы керек (!) деген түшүнүк болбошу керек. Бул процесс адамдын жеке тандоосу аркылуу жүрөт. 

-- Азыр беткаптардын ичиндеги курттар боюнча көп талкуулар жүрүп атпайбы. Чынында эле беткаптын ичинде курт болушу мүмкүнбү?

-- Беткаптын ичинде курттар жүргөн видео менимче фейк. Бул видео адамдарды беткап тагынгандан баш тарттыруу үчүн жасалгандай. Негизи бул маалыматты тийешелүү тараптар дыкат текшерип, бир чечим кабыл алышса болмок. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер