Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Сириядан кайта албай жаткан келиндер маселеси көтөрүлдү
Сириядан кайта албай жаткан келиндер маселеси көтөрүлдү
25-февраль, 02:48

Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык аялдардын жана алардын балдарынын маселеси 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эрмамат Тагаев мамлекеттен жардам сураган кайрылуулар уланып жатканын, эки жыл мурда бул боюнча өкмөткө жөнөткөн расмий катынан жыйынтык чыкпай келатканын айтты.
«Мен 2019-жылы да кайрылгам. Казакстан, коңшу мамлекеттер өз жарандарын Сириядан алып келген. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын бир да жараны алынып келинген жок. 2020-жылы алып келебиз деген сөзүн берген. Мына, 2021-жыл келди, бирок эч кандай жылыш жок».
Жыйында Кыргызстан менен Сириянын ортосунда соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү боюнча эл аралык келишим жок экени маалым болду.