Сени менен таанышып көрүүгө кызыга баштадым...
(Аида Исатбек кызына!)
Сени мурун угуп көрбөптүрмүн. Бир жолу мага окшош 40 жаштагы бойдок, музыкант досум экөөбүз опера жана балет театрына барып калдык. Италиялык Жузеппе Вердинин “Аида” спектаклине. Эч нерсесин түшүнбөдүм, анткени кен казуу жагынан адисмин, музыкадан абдан алысмын. Спектаклдин башкы каарманы Аида аябай сулуу кыз болгонун гана түшүндүм.
Кечээ жакында Жогорку Кеңештеги депутаттардын тизмесинен “Аида Исатбек кызы” дегенди окуп калып, тогуз-торолук экениңди билдим. Сени тааныган бир тууганың мага баарын айтып берди. Сүрөттөрүңө арбалдым. Ошондон бери таттуу кыял жүрөгүмдөн чыкпай койду. Отуздан ашып калыпсың, бирок башыңдын бош болгону жарабас. Сени менен таанышып көрүүгө кызыга баштадым. Жылуу мүнөзүң, билимиң, депутаттык мандатың турганда, жакшы эле үй-бүлө курат окшойбуз. Мендей бай, чарбачыл жигитке өзүңдөй жубай жетпей атканын түшүнүп турам. Сунушумду аргасыз гезитке жаздым. Реакцияны байкоо үчүн... Жакында кол сунам...
Талант
"Азия Ньюс" гезити