Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Муфтий биринчи күнөөкөр! Көйгөйлөргө жооп берсин...”

Турат Акимов: “Муфтий биринчи күнөөкөр! Көйгөйлөргө жооп берсин...”

01-апрель, 21:58
4 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый талдоочу Турат Акимов орчундуу маселеден кеп баштап, курч пикирлерин ортого салды. Балээнин баары билимсиз динчилдерден келгенине жаны ачыгандай...

--Турат мырза, умрага барып келген ажыкелер, дааватчылар коронавирусту жайылтып, көпчүлүккө жек көрүнүп турган чагы. Коомчулукта ажырым пайда болуп, соцтармактарда эки жаатка бөлүнүү менен кайым айтышкандар көбөйдү. Бул көрүнүштүн аягы эмне болот?

--Динчилдердин жалпы аброю түштү. Буга кошумча кадыр-баркы, сый-урматы дагы да төмөндөйт. Билимге көңүл бурушпаса, медикалык тартипти жана мамлекеттин мыйзамдарын сыйлашпаса абал кыйын. Өздөрүн өзгөчө көрүп оорудан сактанбаса, илдетти элге жайса, мамлекетти мүшкүлгө отургузса, албетте, жаман  көрүнөт. Бирок, бул жерде маселе Аллада же Исламда эмес – кеп динчилдердин жеке макулуктугунда жана наадандыгында. Негизи илимди сыйлабаган адам макулук эле болот.

--Муфтий Максат ажы Токтомушевдин чыңалган кырдаалга карата жоопкерчилиги кандай?

--Муфтий биринчи күнөөкөр. Ал киши өз тармагында жаралган проблемаларга толук жооп бериши керек. Кудайдын атына жамынып алып, илимди, тартипти, мамлекеттин мыйзамдарын сыйлабай, тоготпой каалаганын кылганы болбойт! Эмнеге?..

Биринчиден, булар фитир-садака жана башка акчаларын элден алат. Дин мамлекеттен алыс, бирок муфтият өзүнө өзү акча чыгарбайт (типографиясы жок). Бирок, КР акчасын финансы материя катары толук колдонот. Эч кандай коомго керек-жарак буюмдарды да (продукция катары) жаратпайт жана жасабайт. Дин -- бул руханий товар.

Экинчиден, динчилдер мамлекеттин акчасын мыйзамдуу айланыштан (обороттон) үзгүлтүксүз чыгарып турушат. Эсеп-чотто жүргөн акчалар садака катары экономикадан чыгып кетет – эсеби жок! 

Үчүнчүдөн, ошол эле кезде, динчилдер жалпы эл жараткан мамлекет сервисин толук колдонот (свет, газ, телефон, жол, паспорт жана башка инфраструктуларын). Тактап айтканда, аммортизация кылышат (колдонуу зыянын) мамлекеттин жалпы мүлкүнө толук келтирет... 

--Коронавирус апааты жакында токточудай түрү жок. Дары-дармектер, медициналык аппараттар жетишсиз. Ал эми азык-түлүккө болгон баанын өсүшү, экономикалык кризис, жумушсуздук, айтор, баардык жагынан көйгөйлөр кысып келатат. Жону жука элибиз чыдай алабы?..

--Чыдаш кыйын, карантин узарып, өлүм-житим көбөйүп кетсе эл чыдабайт. Эл чечкиндүү кадамдарды талап кылат, а бийлик эскиче “бул дарт өзү менен өзү басылат, чет мамлекеттерден гумжардам келе берет, карыз ала беребиз, эптеп-септеп элди алдап отура беребиз” десе жаңылат. Баардыгы тескери болот. Бул бийлик жарабаса, жаңы саясый тандемдер, уюмдар жана кошуундар толкундары пайда боло баштайт... 

--Жакын арада өкмөт отставкага кетип калышы мүмкүнбү?

--Эгерде абалды көзөмөлдөй албаса, албетте, кетет. Мен мурда айткандай, бул өкмөттүн ордуна ЭИӨ (эл ишенген өкмөт) келиш керек (ПНД-правительство народного доверия). Бул парламенттин 6 фракциясы түзгөн өкмөт курамы эч нерсеге жарабайт. Булардын кадровый резерви жалаң коррупционерлер жана кошоматчылардан куралган – булардын идеалары жок! Замандын кырдаалына ылайык бизге чечкиндүү, ишенимдүү жаратман адамдардан куралган өкмөт керек. Кайталап булардын 32 копиясы келсе – бул саясый онанизм болот!

Асланбек Сартбаев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер