Акыркы кабарлар
» Коом » Вируска каршы эрежеге баш ийбегендер көр казуу менен жазаланышты
Вируска каршы эрежеге баш ийбегендер көр казуу менен жазаланышты
16-сентябрь, 11:57

Индонезиянын Ява шаарында коронавируска каршы эрежелерге баш ийбей, беткап колдонбой жүргөн 8 киши Нгабетан аймагындагы вирустан каза болгондордун сөөгү коюлган мүрзөдө көр казуу менен жазаланышты.
Шаар губернатору Суёнонун айтымында, мүрзө казууда үч эле киши иштейт. Ошого байланыштуу эреже сактабагандарга ушундай жаза берилет. Бул жаза аз да болсо жарандардын эрежеге баш ийүүсүн шарттайт.
Белгилей кетсек, учурда Индонезияда вирус менен катталгандардын саны күн санап өсүүдө.
NazarNews.kg