Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурипа Муканова: “Бүгүнкү күндө өлкө башчысынын коррупция менен күрөшүүгө чоң эрки бар”

Нурипа Муканова: “Бүгүнкү күндө өлкө башчысынын коррупция менен күрөшүүгө чоң эрки бар”

04-июнь, 00:29
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы менен маек.

-- Нурипа айым, коррупция менен күрөш кандай деңгээлде жүрүп жатканы, кандай аракеттер болгону дайыма элге маанилүү жана кызык эмеспи. “Кустуризация” улана береби, күрөш кандай уланат?

-- Коррупциянын көп жолдору жана түрлөрү бар. Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүп жаткан жаңы ыкмалар жетиштүү. Эл-журт, бүт өлкө көрүп жаткандай, ким уурдаса, коррупционер болсо, аларды кармап, иш козгоп, бирок баарын эле түрмөгө отургуза бергенден деле майнап чыкпайт. Алар түрмөдөн чыкканда деле ошол эле коррупцияга кайтпашына кепилдик жок. “Түрмөдөн кийин өзгөрүп келет” деп ойлоо жаңылыштык. Бул аң-сезимге байланышкан феномен деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө мыйзамга карабай, аны бузуп байыган бизнесмениби, өкмөт кызматында иштегени болобу, аларды кармап, төлөтүп жатат. 

Экинчи жолу – коррупциянын алдын алуу. Мында биз үч нерсени билүүбүз шарт: биринчиси – саясый коррупция. Мында коррупция эң жогорку тараптан башталып, эң төмөнкү баскычка чейин жетет. Бүгүнкү күндө президентибиз Садыр Нургожоевич баарын ачык айтууда. “Мен тазамын. Үлгү көрсөтүп берейин. Менин кол алдымда иштегендердин баары ак, таза иштегиле .Таза иштебесеңер камаласыңар” деген чоң сигнал берүүдө. Кечээ эле “Кабар” агенттигинде маек бергенде да “мамлекетке иштейм деп келген адам өзү таза болуш керек, уурдасаңар камаласыңар” деп айтып өттү. Үлгү көрсөтүү – бул өзү чоң саясат. Эл аралык тажрыйбада да өлкө башчысы лидер болуп бергенде, ошол өлкөлөр коррупция менен күрөшүүдө жакшы натыйжага жетишкен. 

Экинчиси – экономикалык коррупция. Мунун дагы 2-3 түрү болот. Бул системалык жана мажбурлаган вертикалдуу, горизонталдуу коррупция болот. Вертикалдуу коррупцияда – мамлекеттик кызматта, чоң жумушта иштегендер атайын система түзүп, коррупциялык система иштеш үчүн мыйзамдарды да ошого жараша кабыл алып, ал системаны коргойт. Мындай система түзүлгөндөн кийин ылдыйдан өйдө иштеп баштайт. Бүгүнкү күндө “ушундай система түзүлгөн” деп эч ким айта элек. 2013-жылдардан тартып коопсуздук кеңеште коррупциялык системаны демонтаж кылган чоң долбоор бар болчу. Учурда ушундай долбоорлор коррупциялык системаны терең изилдеп чыгуусу зарыл. Бул схеманы жоюш үчүн аны түзгөндөрдүн үстүнөн кылмыш иши козголуп же системаны сындырып, бөлөкчө жол менен иштөөгө жаңы мыйзам кабыл алынып, жоюуга аракеттер бар.

-- Мажбурлаган коррупция дегениңиз кандай?

-- Материалдык инфраструктура түзүлбөгөндө, алган маяналар кичине болсо, мамлекеттик муниципалдык органдарда иштеп жаткандар коррупцияга барганга мажбур болушат. Ошон үчүн негизги шарттарды жакшы түзүп, аны жойгонго да чоң аракеттер болууда. Бала бакчага балдарын бере албай пара бергенге шарт түзүлүп калууда. Ошон үчүн бала бакчалар, мектептер көбөйүп курулуп атат. Экинчиден, санариптештирүүгө өтүү зарыл. Бала бакчаларга, мектептерге электрондук кезек менен алуу – коррупция менен күрөшүү же алдын алуу жолу болуп эсептелет. Мугалимдердин, дарыгерлердин, соттордун маянасы бир шарт менен көбөйтүлдү: “Биз силердин айлыкты көбөйтүп жатабыз, коррупцияга барбагыла” деген талап болууда. Бара-бара бул кызматтарда коррупция жоюлат. Мындай шартта деле жемкорлукка бара берүү – бул адамдын өзүнүн маданиятына, аң-сезимине байланыштуу болуп калат. Ошондуктан мажбурлоо менен коррупциянын түп-тамырын жоготконго көп жумуштар жасалууда. 

-- Дагы кандай аракеттер болууда?

-- Кызматка келе турган адамдарды психологиялык жактан тест менен аныктап, “коррупцияга барам” деген ойлору барбы-жокпу, же таза адамбы – ошону билүү абзел. Учурда “коррупцияны жеңдик” деп айта албайбыз. Жылдар бою курулуп, цементтелип калган пайдубалды бузуп, жаңы пайдубал тургузуу оңой эмес. Бирок бул системаны жеңүүгө аракеттер болуп жатат. Буга эл өзү дагы жардам берүүсү зарыл. 

ЖОЖдордо, мектептерде коррупция аябай көбөйүп, кадимки көрүнүшкө айланып калган. Кыргызда “Элүү жылда эл жаңы” деген кеп бар. Ошондуктан “коррупцияга барбайбыз” деп аң-сезимди оңдоого убакыт, комплекстүү мамиле керек. Эң башкысы, өлкө башчысынын саясый эрки жана эл аралык тажрыйбасы зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө башчысынын коррупция менен күрөшүүгө чоң эрки бар. Экинчиси, көмүскө экономиканы жоготуп, бизнеске шарт түзүп берүү. Бул тууралуу да айтыла турган сөздөр көп.

Мамлекеттик антикоррупциялык стратегия да иштелип чыгып, бүгүн антикоррупциялык кеңеш кабыл алып, буюрса жакын арада иштей баштайт. Коррупцияны жоюу боюнча жакшы иштер алдыда.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер